Украинанын коргоо министри Рүстем Умеров жума күнү берген билдирүүсүндө Россия менен Украинанын эки өлкөнүн арасындагы кагылышуулар башталгандан бери эң чоң согуш туткундарын алмаштырууну ишке ашыруу боюнча келишкендерин жарыялады.
Рүстемов Стамбулда пресс - жыйын өткөрүп, бул келишимдин жыйындын эң маанилүү жыйынтыгы болгонун баса белгиледи жана алмашуу үчүн бир күндүн белгиленгендигин бирок азыркы учурда билдирилбей тургандыгын айтты.
«Жыйын аяктады. Ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу тууралуу сүйлөштүк. Азыркы учурда 1000 туткундун 1000 туткун менен алмаштырылышы тууралуу келиштик. Жыйындын жыйынтыгы ушундай»,- деди.
"Жалпысынан канааттандыруучу"
Украина менен өткөрүлгөн жолугушууларда орус делегациясына жетекчилик кылган Владимир Мединский Москванын жыйынтыктан «жалпысынан канааттангандыгын» жана жолугушуулардын улантыларын айтты.
Тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда тышкы иштер министри Хакан Фидан Долмабахче сарайында өткөн жана 1 саат 45 минутага созулган жолугушууга жетекчилик кылды.
Түркиянын делегациясында Улуттук Чалгындоо Уюмунун жетекчиси Ибрахим Калын да орун алды.
Фидан ачылыш сөзүндө Россия жана Украина делегацияларына, ошондой эле түрк арачыларына кайрылып: "Тынчтык жолунда алдыга жылуу үчүн бул мүмкүнчүлүктү пайдаланышыбыз керек. Күн сайын кечигүү дагы көп адамдын өлүмүнө алып келүүдө", – деди.
Орус делегациясына Россиянын президенти Владимир Путиндин орун басары Владимир Мединский жетекчилик кылды. Делегацияда тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Аскердик чалгындоо уюмунун башчысы Игорь Костюков, коргоо министринин орун басары Александр Фомин жана башка расмий жетекчилер да орун алды.
Украина делегациясын Украинанын коргоо министри Рүстем Умеров жетектеди. Делегациянын курамына тышкы иштер министринин орун басары Сергий Кыслица, коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Александр Поклад, тышкы чалгындоо кызматынын башчысынын орун басары Олег Луговский, президенттик аппараттын кеңешчиси Александр Бевз жана башка расмий жетекчилер кирди.