Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф шаршемби күнү Лачин Эл аралык аэропортунун ачылыш аземине катышат.
Лачин Эл аралык аэропорту 2020-жылы Армения менен болгон согушта бошотулган аймактарда Азербайжан тарабынан курулган үчүнчү аэропорт болуп саналат.
Деңиз деңгээлинен 1,800 метр бийиктикте жайгашкан бул аэропорт тоолуу аймактагы таштарды кесип, жерди тегиздөө жолу менен курулган. Лачин аэропорту Азербайжандагы эң бийик жайгашкан аэропорт болуп эсептелет.
2021-жылы курулушу башталган аэропорт Лачин шаарынын борборунан 30 чакырым, Шушадан 70 чакырым жана Калбажардан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аэропорттун учуу-конуу тилкеси 3,000 метр узундукта жана 60 метр кеңдикте, ал эми терминалдын имараты саатына 200 жүргүнчүнү тейлей алат.
Карабактагы үчүнчү эл аралык аэропорт
2023-жылдын 26-майында Азербайжандын премьер-министри Али Асадов тарабынан кол коюлган жарлыкка ылайык, Лачин аэропортуна эл аралык аэропорт статусу берилген. Бул маалымат эл аралык уюмдарга да жөнөтүлгөн. Ошентип, Азербайжандагы эл аралык аэропорттордун саны тогузга жетти.
Буга чейин Азербайжан бошотулган аймактарда курган биринчи аэропорт – Физули Эл аралык аэропорту 2021-жылдын 26-октябрында Эрдоган жана Алиевдин катышуусунда ачылган.
Ошондой эле, эки лидер 2022-жылдын 20-октябрында Зенгилан Эл аралык аэропортунун ачылыш аземине катышкан.