Орусиянын президенти Владимир Путин Иран коомчулугу өлкөнүн өкмөтүнүн айланасында бириккенин айтып, Израилдин мурда болуп көрбөгөндөй соккуларына карабастан Ирандын жер астындагы уран байытуу объектилери дагы деле бекем бойдон калганын кошумчалады.
Путин бул билдирүүнү шаршемби күнү Израилдин Ирандын “өзөктүк жана ракеталык объектилерин” бомбалоосуна АКШ кошулабы же жокпу деген кызуу талаш-тартыштар маалында жасады. Путиндин айтымында, бардык тараптар Ирандын тынчтык максаттагы өзөктүк энергияга жана Израилдин шартсыз коопсуздук укугуна кепилдик бере тургандай согуштук аракеттерди токтотуунун жолдорун издеши керек.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Израилдин аскердик чабуулдары Ирандагы өкмөттү кулатуу менен аякташы мүмкүн деген сөздөрү жана Трамптын Ирандын “шартсыз багынышын” талап кылуусу тууралуу суроого жооп берип жатып Путин кандайдыр бир ишти баштоодон мурун анын негизги максатына жетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керектигин айтты.
“Биз бүгүн Иранда ички саясий процесстердин татаалдыгына карабастан, коомчулуктун өлкөнүн саясий жетекчилигинин айланасында биригип жатканын көрүп жатабыз”, – деди Путин Санкт-Петербург шаарында маалымат агенттиктеринин башкы редакторлору менен жолугушууда.
Путин Трамп жана Нетаньяху менен жеке байланышта экенин жана жаңжалды чечүү боюнча Москванын сунуштарын жеткиргенин айтты. Ошондой эле, Ирандын жер астындагы уран байытуу объектилери дале деле бузулбаган бойдон калганын белгиледи.
“Ирандын жер астындагы ишканалары бар, аларга эч нерсе болгон жок”, – деген Путин бардык тараптар Иран менен Израилдин кызыкчылыктарын эске алуу менен чечим издеши керектигин кошумчалады.
“Менимче, жаңжалды токтотуунун жана бул жаңжалга катышкан бардык тараптардын өз ара макулдашууга келүүсүнүн жолдорун издөө туура болот”, – деди Путин.
Иран Орусиядан аскердик колдоо сураган жок
Путин Иран Москванын аскердик жардамын сурабаганын айтты.
“Иран бизден эч кандай аскердик жардам сураган жок”, – деген Путин “Мурда абадан коргонуу системаларын биргелешип иштеп чыгууну сунуштаганыбызда да, Иран тарап бул темага анча кызыккан эмес”, – деп кошумчалады.
Путин Ирандын кызыкчылыктарын камсыздоо жана Израилдин кооптонууларын азайтуу үчүн варианттар бар экенин жана булар өнөктөштөргө сунушталганын айтты. Ошондой эле, Орусия менен Иран Бушердеги өзөктүк электр станциясында дагы эки жаңы блок куруу боюнча келишимге кол койгонун билдирди.
“Иш-аракеттер жүрүп жатат, 200дөн ашуун адисибиз ал жерде. Израилдин жетекчилиги менен алардын коопсуздугу камсыздала турганы боюнча макулдаштык”, – деди.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков да шаршемби күнү Москванын АКШга Иранга сокку уруунун Жакынкы Чыгышты кескин туруксуздаштырарын айтканын билдирди.