Анадолу Агенттигинин кабарчысынын айтымында, Израиль Ирандын борбор шаарыТегерандагы Имам Хусейн университетине кол салды.
Университеттин Ирандын Төңкөрүш Гвардиясы корпусуна (IRGC) тиешелүү экени белгилүү.
Шаршемби күнү болгон бул чабуулдан кийин аймактан түтүн көтөрүлгөнү байкалган.
Аймактагы чыңалуу Израилдин жума күнү Ирандагы аскердик жана өзөктүк объектилер менен бирге бир топ жерге абадан сокку уруусу менен курчуду. Бул чабуулдар Тегерандын жооп кайтаруусуна алып келди.
Израилдик жетекчилер Ирандын ракеталык чабуулдарынан бери 24 киши каза болуп, жүздөгөн адамдын жаракат алганын билдиришти.
Иран болсо, Израилдин чабуулдарынан бери кеминде 224 киши каза болуп, 1000ден ашуун адамдын жаракат алганын билдиришти.
Бирок, Human Rights Activists аттуу Вашингтондо жайгашкан адам укуктары уюму шаршемби күнү Израилдин чабуулдарынан Иранда 585 адамдын каза болгонун, 1326 адамдын жаракат алганын маалымдады.
Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан укук коргоочулар тобу каза болгондордун 239 кишинин жарандар, 126 кишинин коопсуздук кызматкерлери экени аныктаганын билдирди.