ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия экологиялык жактан эң таза пляждары бар үчүнчү өлкө болду
Анталья, Мугла жана Измир Түркиянын экологиялык жана жээк стандарттарына жооп берип Көк желектүү пляждарда дүйнөлүк лидер болушуна салым кошту.
Түркия экологиялык жактан эң таза пляждары бар үчүнчү өлкө болду
4 саат мурун

Маданият жана туризм министри Эрсой жарыялаган жетишкендикте Түркия 2025-жылы жээк тилкесиндеги экологиялык стандарттарды сактоо менен дүйнөдө эң көп Көк желектүү пляждары бар үчүнчү өлкө болду.

Көк желектүү пляж - эл аралык деңгээлде таанылган экологиялык стандартка жооп берген пляж дегенди билдирет.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө: «Жалпы 577 пляж, 29 марина, 18 туристтик кеме жана 8 жеке яхта... Бул ийгиликте дагы бир жолу Антальябыз 233 пляж менен алдыда турат,” - деп маалымдады.

Министр ошондой эле бул ийгиликтин Түркиянын Айлана-чөйрөнү коргоо жана билим берүү фонду (TÜRÇEV), бардык кызыкдар тараптар жана экологияга кам көргөн жарандардын биргелешкен салымы менен жетишилгенин айтты.

Министрликтин маалыматына караганда, Эгей деңизинин жээгиндеги Мугла облусу 110 пляж менен Антальядан кийин экинчи орунда, ал эми Измир 54 пляж менен үчүнчү орунда турат.

Жалпысынан чоң салым кошкон башка облустардын катарына Балыкесир (48 пляж), Айдын (39 пляж), ар биринде ондон ашык Көк желектүү пляждары бар Самсун, Мерсин жана Чанаккале кирет.

Миллиардерлердин яхталары жээктерге токтоодо

Марина категориясында Мугла 10 Көк желектүү маринасы менен алдыда турат, андан кийин Анталья алты жана Измир беш марина менен орун алды.

Анталья ошондой эле туристтик кеме боюнча лидер болуп, 13 Көк желектүү кемеге ээ.

Жакында эле Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы башкы директору Жефф Безостун “Flying Fox” аттуу яхтасы Мугланын жээгине токтогон.

Өткөн жылы Манчестер Ситинин ээси Шейх Мансурга таандык 670 миллион долларлык Blue яхта менен Майкрософттун негиздөөчүсү Билл Гейтске таандык ультра люкс Мар яхтасы Мугланын жээктерине келген.

Статистикалык маалыматтарга караганда, 2024-жылы Түркияга 52,2 миллиондон ашуун турист келип, өткөн жылдын рекордунан да, жарыяланган максаттан да ашты.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us