Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шейшемби күнү Россия менен Украинанын дүйшөмбүдө Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрүндө түзүлгөн келишимдердин "маанилүү" экендигин бирок кагылышуунун токтотулушунун ылдам болушун күтпөө керектигин билдирди.
Москвада өткөн маалымат жыйынында сүйлөгөн Песков бул маселенин татаалдыгынан улам "тез чечимдерди жана ийгиликтерди" күтпөө керектигин баса белгилеп бирок иштердин улантылып жаткандыгын айтты.
"Албетте, тез чечимдерди жана ийгиликтерди күтүүгө болбойт. Бирок иштер жүрүп жатат жана Стамбулда белгилүү бир келишимдер түзүлдү. Бул келишимдер маанилүү, анткени адамдардын жашоосуна байланыштуу. Бул келишимдер ишке ашырылат жана иштер улантылат," - деди Песков.
Песков өзгөчө Москва сунуштаган чечимдердин меморандумун тапшырганын, ичинде да бир нече варианттын камтылганын айтты.
Песков: "Чыр-чатакты жөнгө салуу маселеси өтө татаал жана көптөгөн деталдарды камтый турганын бир нече жолу эскерткенибизди дагы бир жолу баса белгилегим келет. Бардыгы чыр-чатактын негизги себептерин жоюуга жана туруктуу чечимге өтүүгө багытталган",- деди.
Жогорку деңгээлдеги байланыштарга даярдык
Россия, АКШ жана Украинанын президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу тууралуу суроого жооп берген Песков мунун жакынкы учурда ишке ашуусунун мүмкүн эмес экендигин белгиледи.
Песков: “Россиянын президенти Владимир Путин жогорку деңгээлдеги байланыштарга даяр экенин көп жолу баса белгиледи бирок бул байланыштардын техникалык жана эксперттик деңгээлде иштелип чыккан макулдашуулардын натыйжасы болушу керектигин айткан. Президент Путин жолугушууларды колдойт, бирок алардын жакшы даярдалышы керектигине ишенет", - деди.
Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийди сынга алып, Россия делегациясы тууралуу орой сүйлөгөнүн жана мындай жүрүм-турум сүйлөшүүлөргө туура келбей тургандыгын белгиледи.
Стамбулда 16-майда болгон биринчи жолугушуудан кийин дүйшөмбү күнү Россия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өттү.
Бул жолу тараптар өзгөчө эң жаш жана оор жарадар болгондорго көбүрөөк көңүл буруп, көбүрөөк согуш туткундарын алмашууну жана куралдуу кагылышууда каза болгон 12 000 жоокердин сөөгүн кайтарып берүү боюнча келишти.