Орусиянын Брянск облусунда, Украина менен чек арадагы көпүрө темир жолго кулап түшүп, кеминде жети адам каза болду. Облустун губернатору Александр Богомаз Москва темир жолу окуясын «транспорт иштерине мыйзамсыз кийлигишүү» деп сыпаттаганын айтты.
Брянск облусунун губернатору Богомаз ишемби күнү Телеграм аркылуу билдирүүсүндө: «Көпүрө темир жолго кулап түшүп, жети адам каза болду. Жабыркаган 30 адам, анын ичинде эки бала Брянск облусундагы медициналык мекемелерге жеткирилди», - деди.
Москва темир жолу «Климов менен Москваны туташтырган автожол көпүрөсүнүн урашынан улам поезд рельстен чыгып кеткенин жана бул транспорт иштерине мыйзамсыз кийлигишүүдөн улам болгонун» билдирди.
Кырсык болгон жерде тез жардам бригадалары жана өкмөт өкүлдөрү иштеп жатканын айткан Богомаз «жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн бардык керектүү нерселер жасалып жатканын» кошумчалады.
Орусия Федерациясынын Тергөө комитетинин Батыш аймактар аралык транспорттук тергөө башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, окуя болгон жерде тергөөчүлөр иликтөө иштерин жүргүзүүдө.