ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сирия Израилдин Дерага соккусу «олуттуу» жоготууларга алып келгенин билдирди
Снаряд атылгандыгы кабарлангандан кийин Израиль армиясы Сириянын түштүгүн бомбалады, Дамаск болсо чабуулду айыптады.
Сирия Израилдин Дерага соккусу «олуттуу» жоготууларга алып келгенин билдирди
FILE PHOTO: An Israeli military vehicle is seen near the border between the Israeli-occupied Golan Heights and Syria / Reuters
4 Июнь 2025

Сириянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин түштүк Дера провинциясына жасаган артиллериялык соккусун айыптап, кол салуу "адамдык жана материалдык жоготууларга" алып келгенин билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик кабар агенттиги SANA маалымдады.

Бомбалоо Израиль армиясы Сириядан Голан дөңсөөлөрүн көздөй эки снаряд атылганын ырастагандан кийин болду. Сириянын Тышкы иштер министрлиги бул дооматты "тастыкталбаган" катары мүнөздөдү.

SANA агенттигинин маалыматына ылайык, шейшемби күнү кечинде Израилдин артиллериясы Деранын Ярмук бассейни аймагын бутага алды. Агенттик жабыркагандар тууралуу так маалымат берген жок, бирок зыянды чоң деп сыпаттады.

Channel 13 телеканалы Израилдин оккупациясындагы Голан дөңсөөсүндө снаряд атылганы тууралуу аба коңгуроолору иштегенин тастыктады, бирок эч кандай жаракат же зыян катталган жок. Израилдин КАН телерадиокорпорациясы снаряд окторунун ачык аймактарга түшкөнүн жана алардын кайда өндүрүлгөндүгү белгисиз бойдон калганын айтты.

Израилдин арамиясы кыскача билдирүү жасап, "Израиль аймагына атылган снаряддардан кийин Сириянын түштүгүнө сокку урулганын" маалымдады. Бирок Дамаск бул айтымдарга азырынча жооп бере элек.

Израилдин чабуулдары күчөдү

Израилдин Сирияга чабуулдары 2024-жылдын аягында Сириянын Баас режиминин мурдагы лидери Башар Асад кулатылгандан бери күчөдү.

Израиль курал кампаларын жана унааларды бутага алып, Сирияга каршы кол салууларын көчөттү жана бир нече окуяда жайкын тургундардын каза болгону кабарланды.

Израиль 1967-жылдан бери Голан дөңсөөсүнүн көпчүлүк бөлүгүн оккупациялап келет. Асад бийликтен кеткенден кийин Израиль чек арадагы "буфердик зонага" кирип, 1974-жылдагы Куралсыздануу келишимин жараксыз деп жарыялаган.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us