Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Америка Кошмо Штаттары менен болгон кылдат сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз өлкөсүнүн өзөктүк курал боюнча көптөн берки позициясын кайталап, Ирандын өзөктүк куралдарды “кабыл алынгыс” катары карагандыгын билдирди.
Батыш өкмөттөрү Ирандын негизги душманы Израилдин ээ экендиги болжолдолгон бирок расмий түрдө жарыяланбаган өзөктүк арсеналына каршы туруу максатында өзөктүк курал чыгаруу аракетинен шектенүүдө.
Аракчи Ирандын башкы сүйлөшүүчүсү катары ишемби күнү телекөрсөтүүгө берген маегинде: “Эгерде сөз өзөктүк куралдар боло турган болсо, ооба, биз да мындай куралдарды кабыл алынгыс деп айта алабыз. Бул тууралуу алар менен бирдей пикирдебиз”,- деди.
Жаңы өзөктүк курал келишим
Иран дүйнөлүк державалар менен түзүлгөн бирок АКШнын президенти Дональд Трамптын 2018 - жылы алгачкы президенттик мезгилинде чыккан өзөктүк курал келишиминин ордуна өтө турган жаңы бир өзөктүк курал келишимин түзүү үчүн АКШ менен беш ирет сүйлөшүү өткөрдү.
Эки өкмөт Вашингтон токтотулушу керектигин айткан бирок Тегерандын Өзөктүк куралдардын жайылышын алдын алуучу келишимдин негизинде укугу бар экендигин жактаган Ирандын уранды байытуу программасы тууралуу келишпестик болуп жатат.
Буга карабастан Трамп шаршемби күнү жасаган билдирүүсүндө: «Иран менен абдан жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз»,- деп билдирди жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга азыркы учурда “ылайык эмес” деген негиз менен Ирандын өзөктүк курал объектилерине сокку уруу тууралуу эскерткендигин кошумчалады.
Израиль былтыры эки жолу болгон кагышуулар учурунда Ирандын абадан коргонуу системаларын талкалагандан кийин аскердик аракеттерге өтүү менен коркуткан.
Трамп аскердик аракеттерди четке каккан жок, бирок алгач келишим түзүү үчүн убакыттын керек экендигин айтып, өзгөчө мындай соккуларда АКШнын эмес, Израилдин лидерлик кылаарын белгиледи.