ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БиБиСи: Индия учак кырсыгын ырастап дүйнөлүк аскердик көзөмөл органдарын таң калтырды
BBC Verify иликтөө бөлүмү Индиянын Пенжаб штатында өрттөлгөн жердин жакынында тартылган жана Пакистандын аскердик аба күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн аскердик учактын күйүп жаткан бөлүктөрүн көрсөткөн үч үрөй учурган видеону тастыктады.
БиБиСи:  Индия учак кырсыгын ырастап дүйнөлүк аскердик көзөмөл органдарын таң калтырды
/ AFP
9 Май 2025

 

Индиянын Пенжап штатынын Батхинда аймагынан Индия аба күчтөрүнө таандык бир учактын күйгөн калдыктарын көрсөткөн көрүнүштөр жарыяланып, Исламабад шаршемби күнү  эрте менен Индия  -  Пакистан чек арасында болгон тынчсыздандыруучу чыңалууда учкучтардын Индяига таандык беш өнүккөн аскердик учакты атып түшүргөндүгүн билдирди.

Индия ушул кезге чейин эч бир билдирүү берген жок.

БиБиСинин иликтөө бөлүмү BBC Verify, бир кырсыктын кесепетин көрсөтүп жаткандай көрүнгөн үч башка видеону тастыктады.

Үч видеонун тең Индиянын Пенджаб штатындагы Батхинда шаарына жакын жерде тартылгандыгы болжолдонууда.

Бир видеодо индиялык аскерлер араларында Франциянын акыркы жылдары Индия аба күчтөрү үчүн чыгарган Rafale аскердик учагынын скелетине окшогон бөлүкчөлөр да болгон металл калдыктарын чогултуп жүргөндүгү көрүнүүдө.

Ошол эле жерден түнү тартылган эки видеодо күйүп жаткан калдык жана  бир снаряддын жерде өрт чыгаргандыгы байкалууда.

Пакистандын  ырастоосун бекемдеген анализдер

Аналитиктер бул көрүнүштөрдүн абадан кол салуу же абадан салгылашуу менен дал келгендигин жана Пакистандын бир нече учакты атып түшүрдү деген ырастоолорду күчөтөрүн айтышууда.

Британ армиясынын мурдагы офицери жана Sibylline коопсуздук фирмасынын төрагасы Жастин Крамп БиБиСиге берген билдирүүсүндө буюмдардын арасында Индиянын Rafale жана Mirage 2000 учактары менен шайкеш келген Францияда жасалган абадан абага атуучу  ракетасы бар экендиигн айтты.

Социалдык медиада кеңири тараган дагы бир сүрөттө "BS001" жана "Rafale" белгилери бар куйрук канаты көрсөтүлгөн.

БиБиСинин тескерисинче, визуалдык издөө, анын ичинде жүргүзгөн текшерүүлөр сүрөттүн жаңы экенин жана мурун болгон окуядан алынбагандыгын көрсөтүүдө.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us