Азербайжан Францияны Түштүк Кавказдагы азыркы чек ара чыңалуусуна карата позициясынан улам “эки жүздүү” деп айыптады. Бул айыптоо Франциянын тышкы иштер министринин билдирүүлөрүнөн кийин айтылды.
Бүгүн эртең менен Жан-Ноэль Барро Люксембургда өткөн Европа Биримдигинин Тышкы иштер кеңешинин жыйынынын алдында журналисттерге, Франциянын Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы чыңалуулардын күчөшүнө тынчсызданып жатканын кабарлады. Ал ошондой эле Евробиримдиктин чөлкөмдөгү миссиясы чыңалууну көзөмөлдөө жана чектөө үчүн жардам берет деген үмүтүн билдирди.
Барро эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык келишимине кол коюлушу жана “камакка алынган кишилердин” бошотулушу керектигин да айтты.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айхан Хажизаде X платформасында, Франциянын Ереванга курал-жарак жеткирүүсү жана анын “узак убакыттан бери уланып келе жаткан Азербайжанга каршы позициясы Барронун аймактагы чыңалууга байланыштуу тынчсыздануусуна дал келбегенин жана тынчтыкка кызмат кылбаганын” билдирди.
«Бул кош стандарт Франциянын эки жүздүүлүгүн ачыкка чыгарат»,-деген Хажызаде тынчтык келишимине кол коюу жана аймакта туруктуу ырааттуулукту камсыз кылуу үчүн «негизги маселелердин» чечилиши керектигин баса белгиледи.