Орусия менен Украина бири-бирине абадан чабуул жасоону улантып, жаракат алгандар жана зыяндар тууралуу маалымат беришти. Бул аралыкта үч жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча сунушталган ок атышпоо келишиминин тагдыры белгисиз бойдон калууда.
Орусиянын президенти Владимир Путин бейшемби күнү Вашингтондун Украина менен 30 күндүк ок атышпоо келишими боюнча сунушун негизинен колдой турганын, бирок анын күчтөрү бир нече маанилүү шарттар аткарылганга чейин согушту уланта берерин билдирди.
Ошондон бери эки тарап тең оор абадан чабуулдарды улантышып, Орусия украиналык күчтөрдү Курск облусундагы көп айдан бери кармалып турган позицияларынан сүрүп чыгарууга жакындады.
Орусиянын коргоо министрлиги жекшемби күнү абадан коргонуу бөлүктөрү Орусиянын аймагында жалпы 31 украиналык учкучсуз учуучу аппаратын жок кылганын билдирди. Алардын ичинен 16сы Воронеж облусунун түштүк-батышында, тогузу Белгород облусунда, калгандары Ростов жана Курск облустарында атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Украинанын Белгород облусуна жасаган дрон чабуулунда үч адам жаракат алды, анын ичинде 7 жаштагы бала бар экенин аймактын губернатору Вячеслав Гладков билдирди. Жабыркагандардын экөө Губкинский районунда дрон алардын үйүнө тийип, өрт чыккан учурда жаракат алышкан. Үчүнчү адам Долгое айылындагы дрон чабуулунан жабыркаганын Гладков кошумчалады.
Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев аймакта кандайдыр бир жаракат же зыян тууралуу дароо маалымат жок экенин билдирди. Ошондой эле Ростов облусунун убактылуу губернатору да жаракат же зыян тууралуу маалымат жок экенин айтты.
Украинада бийликтер бир нече орус дрон чабуулдары тууралуу билдиришти. Алардын ичинде Чернигов облусундагы чабуулдан кийин көп кабаттуу үйдө өрт чыкканын, өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканын Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы маалымдады.
Украиналык маалымат каражаттары Киевдин айланасында бир катар жарылуулар болгонун билдиришти. Украинанын аба күчтөрү Киев жана башка борбордук аймактарда дрон чабуулдарынын коркунучу тууралуу эскертүүлөрдү тараткан. Жекшемби күнү саат 03:00гө карата Киев облусундагы зыян тууралуу расмий маалымат жок болчу.