Түрк космостук жана авиациялык өнөр жайы (TUSAŞ) Индонезиянын коргонуу фирмалары PT Dirgantara Indonesia жана PT Republik Aero Dirgantara менен 48 КААN согуштук учагынын экспорту үчүн келишимге кол койду.
Келишим Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Эл аралык коргонуу өнөр жай жарманкесинде (IDEF) жыйынтыкталды. Өндүрүш, инженерия жана технология трансфери боюнча кызматташууну камтыган келишимдин негизинде жеткирүүлөрдү 120 айдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Учактын кыймылдаткычтары Түркияда чыгарылат.
Коргоо өнөр жайынын төрагасы Халук Гөргүн бул келишимдин июнь айында өкмөттөр аралык алкактык келишимге кол коюлгандан кийин жасалганын белгилеп, бул сатууну эки өлкөнүн коргонуу карым-катнаштарында «тарыхый учур» экендигин айтты.
Гөргүн: «Бул кызматташтык аркылуу Индонезияда жергиликтүү өнөр жай инфраструктурасынын түзүлүшүнө колдоо көрсөтүүнү жана эки өлкөнүн ортосундагы өндүрүш жана инженерия тармагындагы кызматташтыкты күчтөндүрүүнү максат кылуудабыз»,-деди.
KAAN сатуу үчүн башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы деген суроого Гөргүн: «Көптөгөн өлкө бар, кенен түрдө убагы келгенде бөлүшөбүз»,- деди.
Түркиянын алгачкы ата мекендик согуштук учагы болгон KAAN алгачкы учуусун 2024-жылдын башында жасады. Үч прототиптин калган экөөнүн 2026-жылдын апрелинде кайрадан учары күтүлүүдө. Массалык өндүрүштүн биринчи этабынын пландары түзүлдү.
Түрк космостук жана авиациялык өнөр жайынын башкы директору Мехмет Демироглу KAANдын Түркияны жаңы муундагы согуштук учактарды жасоого жөндөмдүү саналуу өлкөлөрдүн катарына кошконун айтты.
"Бул учакты чыгарган төрт өлкө бар. Азыр да мунун үстүндө иштеп жаткан консорциумдар бар",-деген Демироглу 2018-жылы Париждеги аба көргөзмөсүндө жарыяланган кээ бир долбоорлордун 2035-2040-жылдар арасында алгачкы кучууларын ишке ашырышы күтүлүп жатканын баса белгиледи.
"Бул биздин канчалык тез жылып жатканыбызды, ага канчалык ишенгенибизди жана эмнеге жөндөмдүү экенибизди көрсөтүүдө",- деп кошумчалады ал.
Демироглу ошондой эле Түркиянын Хүржет машыктыруучу учагы үчүн май айында кол коюлган түшүнүшүү меморандумунан кийин быйыл Испания менен сатып алуу келишимине кол коюла тургандыгын айтты.
"Индонезиянын олуттуу потенциалы бар. Биз Перс булуңундагы өлкөлөрдө да олуттуу потенциалдын бар экенине ишенебиз", - деп кошумчалады.