Сириянын президенти Ахмед аль-Шара бейшемби күнү Израилдин аймактагы туруктуулукту бузуу пландары тышкы ортомчулардын жана мамлекеттин өз аракеттеринин жардамы менен токтотулганын билдирди.
Телеканалда жарыяланган сөз сүйлөөсүндө Шара: “Биз согуштан корккондордун катарында эмеспиз. Өмүрүбүздү кыйынчылыктарга туш болуп жана элибизди коргоо менен өткөрдүк, бирок сириялыктардын кызыкчылыгын башаламандык менен кыйроодон жогору койдук”,-деди.
Шара ошондой эле Израилдин жарандык жана коомдук мекемелерди бутага алган агрессиясына карабастан “мамлекеттин туруктуулукту калыбына келтирүү жана мыйзамсыз топторду сүрүп чыгаруу аракеттери ийгиликтүү болду” деп айтып, бул абал “Америка, араб жана түрк ортомчулугунун таасирдүү кийлигишүүсү болмоюнча аймакты белгисиз тагдырдан куткара албайт” деп кошумчалады.
Израилдин армиясы шаршемби күнү друз коомчулугун коргоо шылтоосу менен борбор шаар Дамаск, ошондой эле Сүвейда жана Дараа шаарларына абадан сокку урду.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул кол салуулардан 30дан ашуун адам каза болуп, 100гө жакын адам жаракат алды.