12-мартта Анкарага болгон сапары учурунда Польша премьер-министри Дональд Туск Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоганды аймактык туруктуулук үчүн лидерлик кылууга чакырды.
Эрдоган эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Түркиянын Европа Биримдиги үчүн стратегиялык маанисин баса белгилеп, АКШ президенти Дональд Трамптын Европанын коргонуу күчтөрүн чыңдоо чакырыгынан кийин коопсуздук маселелери көтөрүлгөнүн айтты.
“Эгерде Европа Биримдиги өзүнүн күчүн жана таасирин жоготпоону же кайра калыбына келтирүүнү кааласа, бул максатка Түркиянын толук мүчөлүгү аркылуу гана жетише алат,” - деди Эрдоган Туск менен Президенттик комплексинде өткөн биргелешкен басма сөз жыйынында.
Эрдоган Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу боюнча берилгендигин дагы бир жолу баса белгилеп, бирок сүйлөшүүлөрдүн токтоп калганын эске салды. Түркия 1987-жылдан бери талапкер болуп келет; 2005-жылы сүйлөшүүлөр башталган, бирок 2016-жылдан бери токтоп турат.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперттер Түркиянын Европа коопсуздугундагы стратегиялык ролу анын токтоп калган мүчөлүк процессинен да кеңири экенин белгилешет.
Стамбул Медениет университетинин Эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы доктор Өзден Зейнеп Октав TRT World каналына берген маегинде: “Эске алчу маанилүү жагдай – Түркия толук мүчөлүккө ээ болбосо да, Европанын коопсуздугун чыңдоого салым кошуусу күтүлүүдө,” - деди.
“Түркия Европанын коопсуздугуна салым кошуусу күтүлүп жатканда, Европа Биримдиги Түркиянын берилгендигине жооп кайтара элек. Кошулуу сүйлөшүүлөрүнүн көптөгөн бөлүмдөрү ачыла элек. Түркияга коопсуздук боюнча талаптарды коюп, ошол эле учурда сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдырбоо адилеттүү да, туруктуу да эмес,” - деп кошумчалады ал.
Октав ошондой эле Түркиянын геосаясий таасиринин өзгөрүп жатканын белгиледи.
“Бүгүнкү күндө Европа менен иш алып барган Түркия мурдагы Түркия эмес. Биз Сирияда стратегиялык маанилүү ролубузду көрсөттүк, түрк дүйнөсү менен байланышты чыңдадык жана дүйнөлүк энергетика тармагында негизги оюнчуга айландык. Бирок Европа Биримдиги бул өзгөрүүнү толук түшүнүп жатабы? Мен буга күмөн санайм,” - деди ал.
Октав ошондой эле Европа Биримдигинин ички бөлүнүүлөрү Түркияга карата мамилесин татаалдаштырышы мүмкүн экенин айтты.
“Европа Биримдиги бир эле учурда Орусиядан жана АКШдан коркунучтарды сезип жаткан олуттуу коопсуздук кризисине туш болгондо да, бул Түркиянын кошулуу процессин тездетет деп ишенбейм. Европа Биримдиги Түркияны толук мүчө катары кабыл албай, бирок ага маанилүү коопсуздук милдеттерин жүктөп, стратегиялык белгисиздикте кармай берет,” - деди ал.
Тусктун Анкарага болгон сапары Украина менен АКШнын расмий өкүлдөрүнүн Сауд Арабиясындагы жолугушуусунан кийин болду. Бул жолугушууда эки өлкө Орусия макул болгон шартта 30 күндүк ок атышууну сунуштоого макулдашкан.
Эрдоган Украинанын ок атышууну кабыл алууга даярдыгын кубаттап, Орусияны конструктивдүү жооп кайтарууга чакырды. Ал Түркиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылууга даяр экенин дагы бир жолу белгилеп, “Эгерде акыркы окуялар Орусия менен Украинаны сүйлөшүү үстөлүнө алып келсе, биз бул сүйлөшүүлөрдү уюштурууга даярбыз,” - деди.
Эрдоган: “Биз согушту адилеттүү аяктоого тийишпиз. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнө орун жана бардык мүмкүн болгон жардамды берүүгө даярбыз”,-деп кошумчалады.
Туск Түркиянын аймактык туруктуулукту камсыздоодогу потенциалдуу ролуна оптимисттик көз карашын билдирди.
“Мен президент Эрдоганга Түркиянын тынчтык процессинде эң чоң жоопкерчиликти өзүнө алуусун жана биздин аймакта туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоону сунуштадым,” - деди ал, Эрдогандын кийинки айда Варшавага баруу пландары бар экенин кошумчалап.
Европа Биримдигинин Түркияга карата мамилеси боюнча тынчсызданууларын кайталаган Венгриядагы Матияш Корвинус Коллегиумунда конок изилдөөчү болуп иштеген доцент Суай Нилхан Ачыкалын Польша менен Түркиянын коопсуздук маселелеринде жакындашуусун белгиледи.
“Акыркы беш-алты жыл ичинде Польша өзүнүн коргонуу жана коопсуздук маселелеринде АКШга болгон көз карандылыгын азайтууга аракет кылып келет. Бул багытта Түркия маанилүү өнөктөш болуп калды, жана Польша НАТОго мүчө болгон өлкөлөрдүн ичинен Түркия менен кеңири жана ар тараптуу коргонуу келишимине кол койгон биринчи өлкө болду,” - деди Ачыкалын TRT World каналына.
Ал Польша саясатынын Европа Биримдигиндеги өзгөрүүлөрүн, айрыкча Орусия-Украина согушуна байланыштуу, баса белгиледи.
“Польша Европа Биримдигинин Украинага чектөөсүз аскердик жардам көрсөтүүсү узак мөөнөттүү коопсуздук көйгөйүн жаратышы мүмкүн деп эсептейт. Польша саясатынын акыркы беш жылдык алкагында өзгөргөнүн түшүнүү үчүн бул маселени кеңири караш керек. Ошол эле учурда Польша Түркияга карата позитивдүү мамилесин күчөтүп жатканын да эске алышыбыз керек,” - деди ал.
Келечекке көз чаптырган Ачыкалын Польша саясатынын Батыш Европадагы өнөктөштөрүнөн айырмаланып, өз алдынча багытта өнүгө берерин айтты.
“Польшанын Түркиянын Европа Биримдигине кошулуусун ачык колдоосу маанилүү. Түркиянын мүчөлүгүн жактаган Польша менен Түркиянын стратегиялык жана коопсуздук маселелеринде жакындашуусу күчөп жатканын көрүп жатабыз,” - деди ал.
Туск Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу процессин колдой турганын дагы бир жолу баса белгилеп: “Биз Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу процессинин реалдуу жана жеткиликтүү максатка айланып жатканына чын жүрөктөн ишенебиз. Биз ар дайым Түркияны бул багытта колдоп келгенбиз жана мындан ары да колдойбуз,” - деди.
Эки лидер эки тараптуу соода жана коргонуу кызматташтыгын чыңдоо маселелерин да талкуулашты. Туск соода көлөмүн 15 миллиард долларга жеткирүү максаты бар экенин, учурда бул көрсөткүч 12 миллиард доллардан ашканын билдирди.
Польша менен Түркия биргелешкен инфраструктура долбоорлорун, анын ичинде жогорку ылдамдыктагы темир жол тармагын изилдеп жатышат.
Туск Орусия-Украина чек арасы боюнча туруктуулукту камсыз кылууда НАТО жана Европа кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, ок атышуу токтотулгандан кийин Түркиянын ролу чечүүчү болушу мүмкүн экенин айтты.