Сауд Арабия менен Индонезия 27 миллиард долларга бааланган инвестициялык келишимдерге жана түшүнүшүү меморандумдарына кол коюшту. Келишимдер Индонезиянын президенти Прабово Субиантонун Сауд Арабияга расмий сапары учурунда түзүлдү. Бул тууралуу шаршемби күнү Сауд Пресс Агенттиги биргелешкен билдирүүдө маалымдады.
Эки өлкөнүн жеке секторлорунун ортосунда түзүлгөн бул келишимдер таза энергия, нефтехимия өнөр жайы жана авиациялык күйүүчү май кызматтары сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт.
Аймактык маселелер боюнча кызматташтык
Биргелешкен билдирүүдө Сауд Арабия менен Индонезия, Палестина доосуна колдоосун жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске тынчсыздануусун билдиришти. Эки өлкө тең, Израилдин жайкын тургундарга каршы ачка калтыруу жана блокада ишке ашырууларын айыптап, 1967-жылдагы чек араларга негизделген, Чыгыш Кудс көз карандысыз Палестина мамлекетинин борбору болгон эки мамлекеттүү чечимди колдой тургандыктарын кайталашты.
Эл аралык ок атышпоо чакырыктарына карабастан, 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газадагы аскердик геноциди уланууда. Ушул учурга чейин 57 миңден ашуун палестиналык каза болуп, алардын көбү аялдар жана балдар.
Сирияга байланыштуу билдирүүдө болсо Сириянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоонун маанилүүлүгү баса белгиленди. Эки өлкө тең тышкы кийлигишүүгө каршы чыгып, Израилдин Сириянын аймагына кайталанган кол салууларын айыпташты.
Ошондой эле Батыштын Сирияга карата санкцияларын алып салуу чечимин кубаттап, бул кадамды кайра куруу жана качкындардын кайтып келүүсүнө карай маанилүү кадам катары баалашты.