ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Черкес сүргүнүн эскерди
Президент Эрдоган Черкес сүргүнүн 161 жылдыгына байланыштуу көңүл айтып, окуяны адилетсиз жана адамкерчиликсиз деп мүнөздөдү.
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Черкес сүргүнүн эскерди
Türkiye’s president Recep Tayyip Erdogan commemorates Circassian exile / AA
5 саат мурун

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 19-кылымдагы эң караңгы окуялардын бири катары эсептелген черкестердин Кавказдан сүргүнгө айдалышын эскерген билдирүү бөлүштү.

Эрдоган шаршемби күнү X платформасында жазган билдирүүсүндө “Кавказдагы мекенинен адилетсиз, мыйзамсыз жана адамгерчиликсиз сүргүнгө айдалган черкес боордошторубуздун эскерүү жылдыгында, өмүрүнөн ажырагандарга Кудайдын ырайымын тилеп, алардын башынан өткөргөн айтып бүткүс азабын чын жүрөктөн бөлүшөм,” – деди.

21-май черкес элинин сүргүнгө айдалышынын 161 жылдыгы эле. Бул каргашалуу окуя орус-черкес согушу аяктагандан кийин болгон.

Орус империясынын буйругу менен жүз миңдеген черкестер Түндүк Кавказдан күч менен чыгарылып, алардын көбү Осмон империясына сүргүнгө айдалган. Бул сүргүн зомбулук жана адамгерчиликсиз шарттарда жүргүзүлүп, массалык өлүмдөргө алып келген жана 19-кылымдагы эң чоң этникалык тазалоолордун бири катары кеңири таанылган.

Черкес сүргүнү 1864-жылы Орус-Черкес согушунан кийин Орус империясы тарабынан черкес элинин Түндүк Кавказдагы ата-бабаларынын жеринен күч менен көчүрүлүшүн билдирет. Бул мезгилде 800 миңден 1,5 миллионго чейин черкес көчүрүлүп, алардын көбү Осмон империясына жөнөтүлгөн. Бул көчүрүүлөр узак жол жүрүүлөр, ашыкча жүктөлгөн кемелер, ачарчылык жана оорулар менен коштолуп, он миңдеген адамдардын өмүрүн алган.

Бүгүнкү күндө черкес элинин урпактары Түркияда, Сирияда, Иорданияда жана Жакынкы Чыгыштын башка аймактарында жашашат. Бул трагедия жыл сайын 21-майда дүйнө жүзүндөгү черкес коомчулугу тарабынан эскерилет.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us