Индияда алдыңкы мусулман уюму болгон Бүткүл Индия мусулмандарынын кеңеши исламдык кайрымдуулук мекемелерин тартипке салган мыйзамдарга акыркы жолу киргизилген өзгөртүүлөргө каршы Индиянын түштүгүндөгү бир шаарда митинг өткөрдү.
Ишемби күнү Хайдарабадда чогулган калың топ өзгөртүүлөргө карышылык көрсөттү. Бир тараптан Жогорку Сотко да көп сандаган арыз билдирилди.
Индия парламентинин мүчөсү жана Бүткүл Индия мусулмандары кеңешинин төрагасы Асадуддин Овайси өткөрүлгөн митингдин фонд мыйзамындагы өзгөртүүлөргө каршы чоң биримдикти чагылдыргандыгын белгиледи.
“Бул мыйзам Конституциянын рухуна терс болгону үчүн жоюлушу керек. Бир канча мекеменин лидерлери катышканы үчүн ыраазычылык билдирем”,- жеп билдирди Х платформасынан.
Овайси митингге чыккандарга кайрылган сөзүндө мыйзам кайра алынганга чейин жалпы өлкөдө тынчтык митингдеринин улантыла берерин баса белгиледи.
“Адилетсиз мыйзам”
Индия Парламенти фонд мыйзамына талаш - тартыштуу өзгөртүүлөрдү киргизди жана бул да жалпы өлкөдө митингдер жана адилетсиз мыйзамдын жоюлушу үчүн күрөшкө себеп болду.
Өкмөт бул жумада Индия Жогорку Сотунда май айында боло турган кийинки угууга чейин мусулман эместердин фонд мүлктөрүн башкарган фонд кеңештеринде орун албай тургандыгын билдирди.
Талаш - тартыштуу мыйзам долбоору оппозициячыл партиялар жана мусулман топтордун катуу каршылыктарына карабастан парламенттин эки канатынан да өттү. Өзгөртүүлөргө каршы бир топ аймакта митингдер өткөрүлдү.
Фонд мыйзамындагы өзгөртүүлөрдөн улам Батыш Бенгал штатында чыккан зомбулук окуяларында кеминде үч киши каза болду.