АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Украина менен Россиянын ортосунда «чоң» туткун алмашуунун болгонун билдирди.
Трамп кенен маалымат бербестен Truth Social платфрмасында «Бул сүйлөшүү үчүн эки тарапты куттуктаймын. Бул абдан чоң нерсеге алып келиши мүмкүнбү?» деп жазды.
Өзгөчө Кремлдин да бул жумада Россиянын президенти Владимир Путин жана Трамптын АКШ менен эки тараптуу туткун алмашуу тууралуу сүйлөшкөндөрү маалымдалды.
АКШнын президентинин Украинада дароо ок атышпоонун түзүлүшү тууралуу чакырыгы Путин тарабынан четке кагылды.
Россия - Украина сүйлөшүүлөрү
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жума күнү жасаган билдирүүсүндө Украина менен экинчи айлампадагы сүйлөшүүлөрдүн жакында өткөрүлөрүн ырастады.
Лавров Москвада Түштүк Россия тема болгон конференцияда сөз сүйлөп, тынчтык келишими боюнча иштердин уланып жатканын жана Россия тараптын бул боюнча "алдыңкы баскычка" жеткендигин билдирди.
Сүйлөшүүлөр өткөрүлө турган жер катары Ватикандын сунушталгандыгына байланыштуу чыккан кабарларга токтолгон Лавров учурдагы шарттарда Ватикандын эки православдык өлкөнүн делегацияларын кабыл алуусунун «тынчсыздантуучу» болорун белгиледи.
«Ватиканды сүйлөшүү жери катары ойлоп көрүңүз. Православ өлкөлөрдүн католик бир платформада түпкү себептерди талкуулоо туура эмес. Мунун Ватикан үчүн да ылайыктуу эмес экендигин ойлоп жатам", - деди.
Лавров өзгөчө Москванын Украинада орус тилинде сүйлөгөндөрдүн Зеленскийдин лидерлигиндеги «хунта» деп аталган башкаруунун астында калышына уруксат бербей тургандыгын да сөздөрүнө кошту.
Лавров мунун ишке ашышына уруксат берүүнүн Россия үчүн бир «кылмыш» болорун айтып Киев болсо мындай дискриминацияны четке кагууда.
Ошол эле учурда мамлекеттик маалымат агентиги ТАССтын Россиянын коргоо министрлигине таянып берген кабарына караганда орус бөлүктөрү Украинанын Харьков аймагындагы Радкивка конушун колго алды.