Түркия Европа Парламентинин (ЕП) 2023–2024-жылдарга карата отчетун катуу сынга алып, аны Анкаранын ички жана тышкы саясатына байланыштуу “негизсиз дооматтарга” толгон, бурмаланган жана бир тараптуу документ деп сыпаттады.
Шаршемби күнү жарыяланган билдирүүдө Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, ЕПнын пленардык жыйынында кабыл алынган бул отчетту сынга алып, документтин “террордук уюмдарга жана Түркияга каршы иш жүргүзүүнү негизги максат кылган топторго пропаганда аянтчасын түзүп берген” мекеменин бир тараптуу мамилесин чагылдырганын айтты.
“Террордук уюмдарга жана Түркияга каршы иш жүргүзүүнү негизги максат кылган топторго пропаганда аянтчасын түзүп берген” бул мекеменин өлкөбүздүн саясий динамикасы, тышкы саясаты жана президентибиздин Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапары тууралуу негизсиз сереп салууларын четке кагабыз,” – деп билдирилди.
Министрлик ошондой эле Европа Парламентин өзгөчө Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинин алкагында дагы конструктивдүү жана тең салмактуу мамиле жасоого чакырды.
“ЕБ менен болгон карым-катнашыбыздын, анын ичинде кошулуу процессибиздин алдыдагы мезгилде өз ара пайданын негизинде уланышын камсыз кылуу үчүн Европарламенттин өз милдетин аткарышын күтөбүз,” – деген сөздөр камтылды.