АКШ колдогон 60 күндүк ок атышпоо планы Израиль менен палестиналык каршылык көрсөтүүчү Хамас тобунун ортосунда туткундарды этап-этабы менен бошотууну, Израиль армиясын Газанын айрым бөлүктөрүнөн чыгарууну жана Израилдин Газадагы согушун токтотуу үчүн сүйлөшүүнү талап кылат.
Бул маалыматты сүйлөшүүлөрдү жакшы билген жана аты-жөнүн атагысы келбеген расмий өкүл шаршемби күнү билдирди.
Планды ишке ашыруу үчүн кагылышуунун тараптарынын макулдугу керек. АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулары келишимди камсыз кылуу үчүн аракет кылып жатышат. Аты-жөнү аталбаган расмий өкүлдүн айтымында сунуштун негизги пункттары төмөнкүчө:
Туткундар жана камактагы палестиналыктар
Барымтадагы 10 адам жана 18 кишинин сөөгү төмөнкү график боюнча кайтарылат:
1-күн: 8 туткун
7-күн: 5 сөөк
30-күн: 5 сөөк
50-күн: 2 туткун
60-күн: 8 сөөк
Бул алмашуу эч кандай аземсиз жөнөкөй түрдө жүргүзүлөт.
10-күнү Хамас тирүү жана каза болгон туткундар тууралуу маалыматтарды жана далилдерди, ошондой эле медициналык отчетторду тапшырат. Израиль болсо 2023-жылдын 7-октябрынан бери кармалган палестиналыктар боюнча толук маалымат берет.
ХАМАС туткундарды бошотот, ал эми Израиль камактагы палестиналыктарды коё берет. Израилдин маалыматына караганда, ХАМАС жана анын өнөктөштөрү кармап турган 50 туткундан болжол менен 20сы тирүү деп эсептелүүдө.
Палестиналыктарга жардам
2023-жылдын 19-январындагы келишимге ылайык, Бириккен Улуттар Уюму жана Кызыл Чырым Эл аралык Комитетинин колдоосу менен Газага жетиштүү көлөмдө жардам дароо киргизилет.
Израилдин аскерлерин чыгарып кетүүсү
1-күнү 8 туткун бошотулгандан кийин Израиль армиясы макулдашылган карталарга ылайык Газанын түндүк бөлүктөрүнөн чыгып кетет.
7-күнү 5 сөөк кайтарылгандан кийин Израиль армиясы макулдашылган карталарга ылайык түштүк бөлүктөрдөн чыгып кетет.
Техникалык топтор макулдашуунун алкагында чек араларды тактоо боюнча тез сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
Туруктуу ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөр
Келишимдин 1-күнүндө туруктуу ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөр башталат. Бул сүйлөшүүлөрдүн негизги пункттары төмөнкүлөрдү камтыйт: калган туткундарды алмашуу, Газа үчүн узак мөөнөттүү коопсуздук чаралары жана туруктуу ок атышпоо жарыялоо.
Эгерде келишимге жетишилсе, 2023-жылдын 7-октябрынан бери камакка алынган бардык палестиналык туткундар бошотулат.
Кепилдиктер
Бул сунуш АКШнын президенти Дональд Трамптын келишимди аткаруу боюнча милдеттенмесин кепилдейт. Эгерде 60 күндүк ок атышпоо учурунда сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаса, бул жаңжалды туруктуу токтотууга алып келет.
Ортомчулар ок атышпоо учурунда олуттуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн камсыз кылышат. Эгерде көбүрөөк убакыт талап кылынса, бул мөөнөт узартылышы мүмкүн.