Россия Украинанын түштүгүндөгү Одесса шаарына дрондор менен сокку уруп, эки киши каза болуп, он төрт киши жараланды. Жергиликтүү жетекчилер жаралуулардын арасында балдардын да бар экендигин билдиришти.
Москва Украинага дрон жана ракета чабуулдарын күчөттү.
Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Телеграмдан :“Куткаруучу топтор турак жай имаратына жасалган душмандын дрон чабуулунун натыйжасында каза болгон эки адамдын сөөгүн урандылардын арасынан алып чыгышты”, – деп билдирди.
Кипер түнкү чабуулда 14 адамдын жаралангандыгын, анын үчөө балдар экендигин кошумчалады.
Червона Зирка көзөмөлү
Украинанын түштүгүндөгү Херсон облусунун жетекчилери орус чабуулунун натыйжасында бир адамдын каза болгонун, үч адамдын жаралангандыгын маалымдады.
Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин Телеграмдан: “Орус аскерлери аймактагы маанилүү жана социалдык инфраструктураны, ошондой эле турак жайларды бутага алды”, – деп билдирди.
Бир тараптан Россия Украинанын чыгышындагы Донецк аймагынын Червона Зирка конушун көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул маалыматты Россиянын Коргоо министрлиги жарыялады.
Тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Россия Украинадан дагы көп жер берүүнү жана Батыштын аскердик колдоосунан баш тартууну талап кылды, бирок Киев бул шарттарды кабыл алгыс деп мүнөздөдү.