АКШ менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Стамбулда башталды.
АКШ делегациясы бейшемби күнү эрте менен саат 09:45те (GMT 06.45) Орусиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна барды. Сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн элчилик операцияларын калыбына келтирүү аракеттеринин алкагында өткөрүлүүдө.
АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Тэмми Брюс шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө делегациялардын Стамбулда жолугушарын жана «эки тараптуу дипломатиялык миссиялардын иштешин турукташтыруу» аракеттеринин күн тартибинде болорун белгилеген.
Брюс өзгөчө «сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде саясий жана коопсуздук темаларынын болорун» баса белгилеп, Украина маселесинин «күн тартибинде болбогондугун» айткан.
Сүйлөшүүлөр Орусиянын Стамбулдагы башкы консулдугунун резиденциясында өтүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн бир нече саатка созулушу күтүлүүдө бирок мурдагы айлампа сыяктуу алты сааттан ашпай тургандыгы да күтүлүүдө.
Орус делегациясын Россиянын АКШ элчиси Александр Дарчиев, АКШ делегациясын мамлекеттик катчынын орун басары Соната Култер жетектейт.
Жыйындан мурда билдирүү жасаган Дарчиев айрым темаларда азыртадан жылыштардын болгондугун жарыялады.