Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Бурханеттин Дуран Анталиянын туристтик аймагы болгон Белектеги NEST Конгресс борборунда төртүнчү жолу өткөрүлгөн Анталья дипломатия форумунда Түркиянын Африкадагы дипломатиялык жана экономикалык таасири күчөгөнүн баса белгиледи.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын эгедерлигинде жана тышкы иштер министри Хакан Фидандын жетекчилигинде уюштурулган форумга 155 өлкөдөн мамлекет башчылары, министрлер, дипломаттар, академиктер, жарандык коомдук уюмдары жана медиа өкүлдөрүнөн турган 6 миңден ашуун катышуучу келди.
Форумдун расмий глобалдык байланыш өнөктөшү Анадолу агенттигине маалымат берген Дуран форумдун камтыган мүнөзүнө көңүлдөрдү бурду.
Дуран: «Бул көз караш менен караганыбызда Президентибиздин эгедерлигинде жана тышкы иштер министрибиз Хакан Фидандын жетекчилигинде өткөргөн дипломатиялык форумдун мындай өзгөчөлүгү бар: Дүйнөнүн ар кайсы платформаларында жана форумдарында жетишээрлик көрүнө албаган же үнү жетиштүү угулбаган адамдардын сүйлөй алышын камсыз кылды»,-деди.
Үч күндүк иш-чарада Газа тилкеси, Украина, АКШ-Кытай-Орусия карым-катнаштары, соода согуштары жана Европа коопсуздугу сыяктуу маанилүү глобалдык маселелер каралып, 230дан ашуун эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Officials from Mali, Niger and Burkina Faso discuss regional challenges, including terrorism, political instability and strained ties with the Economic Community of West African States(ECOWAS).
Африканын күчтүү өкүлдүк кылынганын баса белгилеген Дуран 82 жогорку деңгээлдеги африкалык жетекчинин катышуусуна көңүлдөрдү буруп, «82 жогорку даражалуу аткаминердин катышуусу менен Анталья дипломатия форумуна быйыл да Африкадан абдан маанилүү салым болду»,-деди.
Дуран Түркиянын Африканын көйгөйлөрүнө африкалыктар менен бирге чечүүчү жол издөөгө, өз ара урматтоого жана утушка негизделген түшүнүктө саясатты жүргүзгөнүн баса белгиледи.
Министрдин орун басары Дуран: «Түркия Африкада ишенимдүү саясий актер. Мунун негизги себеби эмнеде? Биз тең укуктуу негизде мамилелерди түзүп жатабыз. Анткени биз колониялык өткөндөн келген эмеспиз. Ошондуктан, биз Африка өлкөлөрүнө салым кошо турган нерсеге катышып жатабыз. Алар Түркияга ишенишет, анткени муну көрүп жатышат»,-деди.
Түркиянын Африка менен соода көлөмү акыркы жылдарда он эсеге өсүп, 3,6 миллиард доллардан 36 миллиард долларга жетти. Континент боюнча түрк инвестициясы 92 миллиард доллардан ашты.
Дуран бул өсүү Түрк аба жолдору, Маариф фонду, Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (TİKA) жана Юнус Эмре институту сыяктуу улуттук мекемелердин кеңири активдүүлүк тармагынан улам жетишилгенин айтты.
Бурханеттин Дуран Түркиянын экономикалык кызматташтыктан тышкары коргонуу өнөр жай өнөктөштүгү жана террор менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү аркылуу Африкадагы коопсуздук жана ырааттуулукка кошкон салымдарына да токтолду.
Сомали менен Эфиопиянын ортосунда 2024-жылы кол коюлган Анкара декларациясына жана андан кийинки пландалган сүйлөшүүлөргө токтолгон Дуран Түркиянын уланып жаткан арачылык аракеттерин да белгилеп өттү.
Форумдун кеңири максаттарына карата Дуран төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жасады: «Дүйнөнүн көйгөйлөрү натыйжалуураак талкуулана турган аянтчаны камсыз кылуу менен бул платформа ар бир адамдын катышуусу үчүн ачык болушу жана адамдар чогулуп, бул маселелер боюнча сүйлөшүү жана чыр-чатактын же согуштун ордуна дипломатияны кабыл алуусу үчүн абдан маанилүү болду».
Батыш өлкөлөрүнүн форумду жакындан байкаганын белгилеген Дуран : «Катышуучулардын аларга жеткириле турган бардык билдирүүлөрү талап кылынгандай жеткирилди жана кабыл алынды деп ойлойм»,-деди.