ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп Нетаньяхуга «Газага жакшы мамиле кылуусу» керектигин айтты
«Бул кишилер кыйынчылык тартууда. Газага жакшы мамиле кылышыбыз керек. Муну чечебиз»,- деген Трамп АКШнын Израилге Газага азык - түлүктөрдү өткөрүү боюнча кысым жасагандыгын белгиледи.
Трамп Нетаньяхуга «Газага жакшы мамиле кылуусу» керектигин айтты
26 Апрель 2025

АКШнын президенти Дональд Трамп ушул аптада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга блокададагы Газа тилкесинде "кыйынчылык тартып жаткан" элге "жакшы мамиле кылуу керектигин" айтканын белгиледи.

Жума күнү Израилдин жети жумадан узун убакыттан бери токоол болгон гуманитардык жардамдарды тапшырууну маселесин көтөрдүбү деген суроого Трамп шейшемби күнү  Нетаньяху менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүдө  «Газага жакшы мамиле кылынышы керектигине» токтолгондугун айтып жооп берди.

«Бул кишилер кыйынчылык тартып жатат. Газага жакшы мамиле кылуу керек. Муну менен алектенип жатабыз. Тамак  - аш жана өзгөчө дары  - дармекке муктаждык бар»,- деди.

Трамп администрациясынын Израилдин тамак  - аш жана дары  - дармектерди өткөрүүгө уруксат бериши үчүн кысым жасалдыбы деген суроого : «Ооба, кысым көрсөтүүдөбүз»,- деп жооп берди.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) жума күнү Израиль 2-марттан бери чек ара бекеттерин жабык кармап тургандыктан Газадагы азык-түлүк запасынын түгөнүп калгандыгын  жарыялаган. Өзгөчө калктын жарымын гана тамак-аш менен камсыз кылган  жана күнүмдүк муктаждыктын 25 пайызын гана камсыздаган ашканалар бир нече күндүн ичинде толугу менен азык  - түлүксүз каларын эскертти.

БУУнун агенттиги колдогон  25 наабайкананын баары  31 -  мартта буудай уну жана бышыруу үчүн отун түгөнгөндүктөн жабылгандыгын белгиледи. Үй  - бүлөлөргө таратылган азык  - түлүк пакеттери ошол эле жуманын ичинде бүткөн. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы адамдар «коопсуз суу жана тамак бышыруу үчүн отундун» жоктугунан тамак бышыруу үчүн отун издегенге мажбур болгондугун баса белгиледи.

Газа тарыхындагы эң узак чек араны жабуу процессин өткөрүп жатат. Аймакка жети жумадан бери гуманитардык же коммерциялык жүктөр киргизилген жок.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы азык  - түлүк баалары ок атышпоо мезгилине салыштырмалуу 1400 пайызга чейин кымбаттаганын жана негизги муктаждык материалдарынын жетишсиз  экендигин билдирди. Бул абал кичинекей балдарды, кош бойлуу жана эмизген аялдар менен карым  - картаңдар сыяктуу аяр топтор үчүн «олутту тамактануу кооптонууларын» жаратууда.

Агенттик чек ара каалгалары кайра ачылганда төрт ай 1 миллион кишини багууга жете турган  11600 метрикалык тонна азык  - түлүк жардамдарынын даяр экендигин белгиледи.

Израилдин кол салуулары

Израиль болкада астындагы Газада көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон  51 000ден ашуун палестиналыкты өлтүрдү. Бул сан андан кийин  62 000 болуп жаңыланды.

Тель Авив аймактын чөң бөлүгүн урандыга айландырды жана дээрлик калктын баарын жер котортту. Газаны блокада астына алды жана тамак  - аш, суу, дары  - дармек, электр жана башка гуманитардык жардамдардын киришине тоскоол болууну уланта тургандыгын билдирди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us