Газага деңиз аркылуу жардам жеткирүүгө аракет кылган эл аралык активисттер Израилдин коркутууларын жана кемелерине карата "жарыяланган кол салуу ниетин" айыпташкандарын билдиришти. Учурда Жер Ортолук деңизинде бара жаткан кеме Израилдин бутасына айлануу коркунучунда турат.
Эркиндик флотунун коалициясы (FFC) тарабынан башкарылган, онго жакын кишиси бар "Madleen" аттуу парустуу кеме жекшемби күнү Сицилиядан чыккандан кийин, Израиль армиясы шейшемби күнү өлкөнүн деңиз чек араларын "коргоого" даяр экендигин билдирди.
Армиянын катчысы, генерал - майор Эффи Дефрин: "Аскер-деңиз флоту Израилдин деңиз чек араларын жана деңиз аймактарын коргоо үчүн күнү-түнү иштеп жатат", - деди. "Madleen" тууралуу берилген бир суроого : "Биз бул жагдайга даярбыз. Акыркы жылдары тажрыйба топтодук жана ага жараша иш кылабыз", - деп кошумчалады.
Эркиндик флотунун коалициясы шаршемби күнү берген маалыматында :“Израилдин "Madleen" кемесине кол салуу гиетин катуу айыптагандарын” белгиледи жана бул эскертүүнү “коркутуу” катары мүнөздөдү.
“Madleen гуманитардык жардам жана эл аралык адам укуктарын коргоочуларды ташып, Израилдин мыйзамсыз, ондогон жылдарга созулган блокадасына жана Газага карата уланып жаткан геноцидге түздөн-түз каршы чыгууда,” – деп билдирди коалиция.
Израиль Газадагы оор гуманитардык абал үчүн эл аралык сынга кабылууда. БУУ май айындагы эскертүүсүндө бул аймактагы бардык элдин ачарчылык коркунучунда экендигин эскерткен.
2010-жылы түзүлгөн Эркиндик флотунун коалициясы – бул палестиналыктарды гуманитардык жардам жана Израилдин блокадасына каршы саясий нааразычылык аркылуу Палестиналыктарга колдоо берген эл аралык кыймыл.
Кичинекей парустуу “Madleen” кемесинин мөмө шире, сүт, күрүч, консерваланган азыктар жана протеин батончиктерин ташыгандыгы айтылууда.
Май айынын башында Эркиндик флотуна таандык башка бир кеме Conscience (Абийир) Газага бара жатып Мальтага жакын эл аралык сууларда жабыркады, активисттер Израилдин учкучсуз учактарынын соккусунан улам зыян тарткандыгын ойлоп жатышат.
Коалиция шейшемби күнү кечинде, Крит аралына жакын жерде “Madleen” кемесинин дрон тарабынан көзөмөлдөнүп, курчоого алынгандыгын, бир нече сааттан кийин дагы эки дрондун коштогондугун билдирди. Кийинчерээк бул дрондордун Грециянын жээк күзөтү, Европа Биримдигинин чек ара агенттиги Frontex же экөө тең иштеткен болушу мүмкүн деген маалымат берилди.
Израиль Газа тилкесине эки айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан блокаданы жакында эле жеңилдеткени карабастан жардам уюмдары гуманитардык жардамдын тезирээк жана көбүрөөк көлөмдө киришин камсыз кылуу керектигин баса белгилешет.