Гренландиянын премьер-министри шаршемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамптын Арктикадагы бул аймакты "бир жол менен же башка жол менен" алуу тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал гренландиялыктардын келечегин АКШ же Дания менен байланыштырбагандыгын баса белгиледи.
Муте Эгеде Вашингтондо АКШ Конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө Трамптын минералдарга бай жана стратегиялык жактан маанилүү абалдагы бул аралды аннексиялоо боюнча кеңейүүчүлүк амбицияларын четке какты.
"Биз америкалык же даниялык болгубуз келбейт. Биз – гренландиялыктарбыз. Америкалыктар жана алардын лидери муну түшүнүшү керек", – деп билдирди Эгеде Фейсбуктагы билдирүүсүндө.
"Биз сатылбайбыз жана жөн эле алынбайбыз.
“Келечегибизди Гренландияда биз өзүбүз чечебиз", – деп кошумчалады ал, аралдын мыйзам чыгаруу шайлоосунан алты күн мурун, көз карандысыздык маселеси күн тартибин белгилеген бир мезгилде.
Трамп дүйнөлүк маселелерге кыскача токтолуп, негизинен ички максаттарына, мисалы, мыйзамсыз мигранттарды кармоо жана мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу сыяктуу темаларга көңүл бурду. Бирок ал Гренландияны алуу боюнча каалоосун кайталап, Панама каналынын көзөмөлүн кайтарып алуу боюнча алгачкы ийгиликке жетишкендигин белгиледи.
Трамп Гренландиянын "өзгөчө элине" кайрылып, мындай деди: "Биз сиздердин өз келечегиңиздерди аныктоо укугуңуздарды толук колдойбуз жана эгер сиздер кааласаңыздар сиздерди Америка Кошмо Штаттарында жагымдуу тосуп алабыз",- деп кошумчалады.
Бирок ал көндүрүү аракеттери ишке ашпай калса да баш тартпай турганын ачык айтты жана : “Бир жол менен же башка бир жол менен биз аны алабыз. Биз сиздерди коопсуз кылабыз, сиздерди бай кылабыз жана Гренландияны буга чейин эч ойлобогон бийиктиктерге чыгарабыз",- деди.
Дания, Гренландиянын өзүн-өзү башкарган бөлүгү катары, Трамптын аралды алуу боюнча каалоосун четке какты. Анткени климаттык кризис деңиз жолдорун ачууда, Арктикада Кытай жана Россиянын активдүүлүгү күчөп баратат .
Копенгагенде Даниянын коргоо министри Троелс Лунд Поулсен мамлекеттик DR телеканалына АКШнын Гренландияны аннексиялоо планынын "ишке ашпай тургандыгын" айтты.
"Гренландиянын кайсы багытты тандай турганына гренландиялыктар чечим чыгарат", – деди.
Даниянын тышкы иштер министри Ларс Локке Расмуссен бардык тараптарды сабырдуулукка чакырды.
"Менимче, биз жана баары Гренландиянын келечеги тууралуу ар кандай пикирлерди айтууда этият болуу керек", – деп билдирди TV2 телеканалына.
АКШнын Гренландияны алуу боюнча коркутуулары бир убактар ойго келчү эмес; анткени Дания НАТОнун алкагында АКШнын келишимдик союздаш.
Бирок Трамп Европалык союздаштарына чыдамсыздыгын ачык көрсөтүп, аларды аскердик чыгымдарын көбөйтпөгөнү үчүн айыптады; Трамп мунун ордуна державалардын каалаганын ала турган мезгилге кайтууну көздөп жаткандай көрүнүүдө.
Өзгөчө Панама каналын кайра алуу убадасын берди ; бул АКШнын 1999 - жылдын акырында Панамага өткөрүп берген Атлантика менен Тынч океандын ортосундагы маанилүү байланыш.
“Кайра алуу”
Трамп Гонконгдогу CK Hutchison компаниясынын Панама портторун АКШ жетектеген консорциумга сатуу чечимин кабыл алгандан кийин жеңишин жарыялады.
Трамп жана мамлекеттик катчы Марко Рубио Кытай каналда өтө чоң таасирге ээ болгондуктан жана АКШ менен боло турган бир кагылышууда каналды жаап коюшу мүмкүн экенин айтып, тынчсыздануусун билдиришти.
"Улуттук коопсуздугубузду бекемдөө үчүн менин администрациям Панама каналын кайтарып алат жана биз бул ишти баштадык", – деген Трамп порт келишимин эске салды.
"Биз аны Кытайга берген жокпуз. Панамага бердик – эми кайра алабыз", – деп кошумчалады ал.
Трамп мурда Панама каналын же Гренландияны басып алуу үчүн аскердик күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан эмес.
Ошондой эле Трамп өзүн тынчтык орнотуучу катары көрсөтүүгө аракет кылды. Ал Украинадагы согушту токтотууга убада берди жана Россия үч жыл мурда басып алган өлкөгө жардам берүүнү токтотуп, союздаштарынын тынчын алды.
Трамп жана вице-президент Ж.Д. Вэнс өткөн жумада Ак үйгө келген Украинанын президенти Владимир Зеленскийди ыраазычылык билдирбегени үчүн сынга алышты.
Конгрессте сүйлөп жатып, Трамп Зеленскийден келген билдирүүнү окуду; анда украин лидери мамилени оңдоого аракет кылып, АКШга өлкөнүн минералдык байлыктарынын көбүн берүү боюнча келишимге кол коюуга даяр экендигин билдирген.
"Бул маанисиз согушту токтотуунун убактысы келди. Эгер согуштарды токтоткуңуз келсе, эки тарап менен тең сүйлөшүү керек", – деди Трамп.
Ошол эле учурда Трамп администрациясы АКШнын өнүгүү жардамдарынын 90 пайыздан ашыгын токтотту, бул салттуу түрдө АКШнын аскердик эмес таасиринин негизги бир булагы.
Трамп жардамдарды АКШнын кызыкчылыгына туура келбейт деп мүнөздөдү.