Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Конго Демократиялык Республикасынын (КДР) өкмөтү менен 23-март кыймылы (AFC/M23) деп аталган козголоңчу топтун ортосунда кол коюлган Принциптер декларациясын кубаттаганын билдирди.
Гутерриш жекшемби күнү X аккаунтунда: "Мен Конго Демократиялык Республикасынын өкмөтү менен AFC/M23 ортосундагы Принциптер декларациясына кол коюлушун кубаттайм", - деп билдирди.
"БУУ улуттук бийлик органдары, аймактык жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтык ичинде Конго Демократиялык Республикасында тынчтыкты, жарандарды коргоону жана туруктуулукту камсыз кылуу аракеттерин колдоодо чечкиндүү", - деди.
Эки тараптын өкүлдөрү декларацияга ишемби күнү өлкөнүн чыгышындагы зомбулукту токтотууга багытталган дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кол коюшту.
Бул келишим 27-июнда Вашингтондо Руанда менен КДР ортосунда кол коюлган тынчтык келишиминен кийин түзүлүп, согушту токтотууга карата үмүттү пайда кылды.
КДР жана Батыш өлкөлөрү Руанданы 2021-жылы кайрадан күч алган М23 козголоңчуларын колдоо менен айыптап, бирок Руанда бул дооматтарды дайыма четке кагууда.
Конгонун чыгышындагы кагылышуунун ортосундагы М23 козголоңчу тобу, бул жылдын башында басып алган Гома жана Букаву провинцияларынын борборлору менен кошо бир топ аймакты көзөмөлгө алууда.