Түркия
1 мүнөт окуу
Түркия "Адилеттүү дүйнө" куруу үчүн глобалдык форумдарды баштады
Президент Эрдогандын жетекчилигинде Түркиянын эл аралык мекемелердин инклюзивдүү болушу үчүн реструктуризацияланышын жактап келгенин өлкөнүн Коммуникация башкармалыгы билдирди.
Түркия "Адилеттүү дүйнө" куруу үчүн глобалдык форумдарды баштады
27 Februarie 2025

Түркиянын Коммуникация башкармалыгы, глобалдык башкаруу реформасы боюнча диалогду шыктандыруу максатында 20 өлкөдө дымактуу бир катар эл аралык панелдерди баштады.

«Адилеттүү дүйнө мүмкүн» деген темадагы бул демилге өлкөнүн Stratcom Public Forum программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Австрия, Швейцария, Венгрия, Нидерландия жана Германиядагы акыркы сессиялардан кийин бул серия Римде уланды. Алдыдагы мезгилде болсо Европанын маанилүү борборлорунда форумдардын өткөрүлүшү пландалууда..

«Президент Эрдогандын «дүйнө бештен чоң» деген билдирүүсү эл аралык системаны адилеттүүлүктүн негизинде кайра курууга күчтүү чакырык болуп саналат», – деди Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун видео кайрылуусунда.

«Беш» деген сөз БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү – АКШ, Улуу Британия, Франция, Орусия жана Кытайды билдирет.

Бул демилге Түркиянын глобалдык дипломатиялык талкууларга, өзгөчө БУУнун реформасына байланыштуу таасирин күчөтүү аракеттерин чагылдырат. Президент Эрдогандын жетекчилиги астында Түркия эл аралык мекемелерди көбүрөөк инклюзивдүү кылуу үчүн кайра түзүүнү дайыма жактап келет.

Эмки кадамдар кандай?

Панелдердин сериясы февраль айынын ичинде улантылып Британия, Польша, Бельгия жана Францияда сессиялар өткөрүлөт.

Алтун форумдардын өкмөттөр, жарандык коомдук уюмдар, медиа мекемелери жана аналитикалык борборлордун ортосундагы диалогду жеңилдетүүнү максат кылганын баса белгиледи.

«Биз көйгөйлөргө гана эмес, чечүү жолдоруна да көңүл бурабыз», – деген Алтун Түркия «коллективдүү эл аралык аракеттер аркылуу адилеттүү дүйнө мүмкүн экенине бекем ишенет» деп кошумчалады.

Иликте
Осмон империясы мезгилинде  чөккөн кеме  17 -  кылымдагы деңизчилик тарыхы тууралуу маалымат берет.
Отуз күндүк согуш: 1897-жылдагы Осмон-Грек согушу
Осмон доорунда өткөрүлгөн Рамазан жана Хузур сабактары
Оксфорд 2024-жылдын сөзүн жарыялады: "Мээ чирийт"
Лувр музейиндеги тарыхый оңдоо: "Мона Лиза" үчүн атайын бөлмө
Түрк сериалдары Түркиянын маданий байлыгын дүйнөгө таанытууда
400 жылдык Ассирия базары Түркиянын Мардин шаарында калыбына келтирилип кайрадан ачылды
Түрк өнөрпоздору Занзибардын көгүлтүр экономикасын искусство менен жандандырууда
Социалдык тармактардагы сулуулук тенденциялары жаш кыздарга зыяндуубу?
Түркия "Адилеттүү дүйнө" куруу үчүн глобалдык форумдарды баштады
"Дарыядан деңизге чейин Палестина эркин болот" деген эмнени билдирет?
Эки Палестинанын окуясы
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us