ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркиянын президенти Эрдоган Европа күнү менен Европа элдерин куттуктады
Режеп Таййип Эрдоган: "Бул оор мезгилде инклюзивдүү жана бириктирүүчү Европа Биримдиги баарынын кызыкчылыгына жооп берет", - деди.
Түркиянын президенти Эрдоган Европа күнү менен Европа элдерин куттуктады
/ AA
10 Май 2025

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа элин 9-май Европа күнү менен куттуктады.

Түркиянын Коммуникация директорлугунун социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда президент Эрдоган куттуктоосунда Европа күнүнүн 1950-жылы Шуман декларациясы менен башталган Европанын саясий жана экономикалык интеграция процессинин символу экендигин белгиледи.

 Европа интеграцияcын камтыган Европа Биримдигинин акыркы жылдарда көп өлчөмдүү глобалдык жана аймактык кыйынчылыктарга туш болгонун баса белгилеген Эрдоган: "Европанын коопсуздук архитектурасынын келечеги талкууланууда; Газада 19 айдан бери уланып жаткан кыргынга көз жумуп коюу, Израилдин кол салууларын токтото турган натыйжалуу саясатты иштеп чыга албагандык Биримдиктин баалуулуктарынын суракка алынышына алып келүүдө",- деди.

Эрдоган Европа Биримдигине бүгүн көрөгөч жана тайманбас көз караштын керек экендигин белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты: "Бул оор мезгилде өзүнүн айрым мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына туткун болбогон, континенттин жалпы кызыкчылыктарына басым жасаган, инклюзивдүү жана бириктирүүчү Европа Биримдиги баарынын кызыкчылыгына жооп берет. Кездешкен бардык тоскоолдуктарга карабастан Европа Биримдигине мүчөлүккө талапкер өлкөбүз, кризис жана кагылышууларда жүргүзгөн гумандуу, тынчтыкчыл жана конструктивдүү саясаты, сунуш кылган адилеттүү чечимдери менен Биримдиктин сакталышы үчүн да кепил боло алат»,- деди.

"Акыркы мезгилде бүткүл дүйнөгө таасир этип, салттуу саясатты кайра карап чыгууга себеп болгон трансатлантикалык жана глобалдык өнүгүүлөр Түркия менен Биримдиктин ортосундагы мамилелердин маанисин дагы бир жолу көрсөттү.

Европа Биримдиги институттарын өкүлдүк кылам деген кээ бир инсан жана топтордун өлкөбүзгө карата мезгил-мезгили менен жасаган адилетсиз мамилесине карабастан, Биримдик алдыбыздагы мезгилде узак мөөнөттүү жана стратегиялык перспектива менен өз ара пайданын негизинде кыймылдай турган көрөгөчтүктү көрсөтөт деп ишенем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биринчи кезекте өз жарандарымды, ошондой эле Европа элдерин Европа күнү менен куттуктайм", - деди Эрдоган.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us