ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркиянын президенти Кара деңизде табылган жаңы газ кенин жарыялады
Эрдоган өлкөнүн турак жай электр энергиясын керектөөсүн 3,5 жыл жалгыз камсыздай ала турган көлөмдөгү резервдин бар экендигин билдирди.
Түркиянын президенти Кара деңизде табылган жаңы  газ кенин жарыялады
/ AA
4 саат мурун

Президент Режеп Таййип Эрдоган ишемби күнү берген билдирүүсүндө Түркиянын Кара деңизде 75 миллиард куб метр жаңы жаратылыш газ запасын тапканын билдирди.

Президент Эрдоган Стамбулдагы Физикалык терапия жана реабилитация боюнча окуу жана изилдөө ооруканасынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө: “Аянтта 75 миллиард куб метр жаңы жаратылыш газ запасын таптык. Бул көлөм турак жайлардын суроо-талабын болжол менен 3,5 жылга чейин өз алдынча камсыз кылууга мүмкүндүк берет", - деди.

"27-мартта 7-муундагы бургулоочу кемебиз “Абдулхамид Хан” менен Кара деңиздеги Гөкче-3 скважинасында баштаган иштерибиз кечээ күнү аяктады", - деп билдирди президент Эрдоган Анкаранын энергетикалык көз карандысыздыкка болгон умтулуусун баса белгиледи.

“Толук энергетикалык көз карандысыз Түркия максатыбызга жеткенге чейин токтобой, эс албай, сын-пикирлерге же тоскоолдуктарга көңүл бурбастан жолубузду улантабыз,” – деп кошумчалады.

Энергетикалык көз карандысыздыкка карай

Түркия акыркы жылдары Кара деңизде болжол менен 710 миллиард куб метрге бааланган ири газ запасын ачканын жарыялаган. Учурда өлкөнүн жергиликтүү газ өндүрүшү жаратылыш газына болгон муктаждыгынын болжол менен 7-8%ын камсыздайт жана бул энергетикалык көз карандысыздыкка карай ташталган маанилүү кадам катары каралууда.

Өлкө ошондой эле ушул айдын ичинде эки ири Суюлтулган жаратылыш газы (LNG) келишимин түзүү менен энергетикалык келечегин камсыз кылуу багытында ырааттуу кадамдарды таштап аймактык энергетикалык борбор болуу максатын бекемдеп жатат.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us