ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
АКШнын өкүлү Уиткофф Путин менен жолугушү үчүн Россияга барды
Бул Путин менен Уиткоффтун ортосундагы үчүнчү жолку бетме - бет жолугушуу болот.
АКШнын өкүлү Уиткофф  Путин менен жолугушү үчүн Россияга барды
/ Reuters

Кремлдин билдиргенине караганда АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф жума күнү Россияга барды. Бул маалымат Россиянын мамлекеттик маалымат агенттиги РИA тарабынан билдирилди.

Axios буга чейин сапарга байланыштуу маалыматка жана FlightRadar маалыматтарына таянып, Уиткоффтун Россияга барып, жума күнү президент Владимир Путин менен жолугушары күтүлүп жаткандыгын кабарлаган.

Бул сапар бир жума мурун Россиянын мамлекеттик байлык фондунун башчысы жана экономикалык кызматташтык боюнча президент Владимир Путиндин атайын өкүлү Кирилл Дмитриевдин Вашингтондо Уиткофф жана башка АКШ өкүлдөрү менен жолугушуусунан кийин ишке ашууда.

Россия акыркы Путин-Уиткофф жолугушуусуна оң деп баа берип, орус президентинин атайын өкүлдү угуп, Трампка жеткирүү үчүн маанилүү маалыматтарды бергенин билдирген.

Бейшемби күнү АКШ делегациясы эки өлкөнүн элчилик ишмердүүлүгүн нормалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Россиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна келди.

Россиянын делегациясын Россиянын АКШдагы элчиси Александр Дарчиев жетектесе, АКШ делегациясын Мамлекеттик катчынын орун басары Соната Коултер жетектеген.

Жолугушуунун алдында Дарчиев бир катар маселелер боюнча айрым жылыштардын болгондугун жарыялаган.

Акыркы жылдары Москва менен Вашингтон дипломаттары үчүн аккредитация алуудагы кыйынчылыктардан улам элчиликтердин ишмердүүлүгүн жүргүзүү өтө оор болуп жатканын билдиришкен.

Кремлдин билдиргенине караганда АКШнын президенти Дональд Трамптын аатайын өкүлү Стив Уиткофф жума күнү Россияга барды. Бул маалымат Россиянын маалымат агенттиги РИА тарабынан билдирилди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us