Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук тышкы иштер комиссиясынын директору Ван И Москвада кесиптеши менен жолугушууда, Пекин менен Москванын ортосундагы мамилелердин “стратегиялык жактан баалуу” экенин баса белгиледи. Бул билдирүү Украинада уланып жаткан согуш жана АКШ менен тирешүү учурунда жасалды.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Кореяга сапарынан кийин Бээжинге барды. Маалыматка ылайык, Лавров сапары учурунда Украинадагы согушта Москвага колдоо темасында кепилдик алды.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин жолугушууга байланыштуу билдирүүсүнө караганда Ван И жекшемби күнү Лавровго: «Кытай-Орусия карым-катнаштары бүгүнкү күндө дүйнөдөгү ири державалардын ортосундагы эң туруктуу, жетилген жана стратегиялык жактан эң баалуу карым-катнаш болуп саналат»,- деди.
"Учурдагы негизги максат – ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү, эки тараптын өнүгүүсүн жана кайра жандануусун алдыга жылдыруу, ошондой эле туруксуз жана өзгөрүп жаткан дүйнөнүн кыйынчылыктарына биргелешип жооп берүү", – деп кошумчалады Ван.
Кытайдын билдирүүсүнө караганда, эки министр Корей жарым аралы, Украина кризиси, Иран өзөктүк маселеси жана башка көйгөйлөр боюнча пикир алмашышты.
Кытай Вашингтон менен мамилелери тууралуу билдирүү жасаган жок, бирок Москва теманын күн тартибинде экенин маалымдады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Лавров менен Ван Израилдин Газадагы согушу сыяктуу башка “актуалдуу маселелерди” да талкуулаганын кабарлады.
Москванын дипломатиялык жана экономикалык өнөктөшү Кытай, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалда нейтралдуу позицияда экенин билдирип келет.