Президент Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифти Стамбулдагы Долмабахче сарайындагы президенттик иш кеңсесинде кабыл алды. Эки лидер бир нече секторлор боюнча кызматташууну бекемдөөгө умтуларын ырасташты.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан алынган маалыматка караганда жекшемби күнү болгон жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүү жана маанилүү аймактык жана глобалдык окуялар талкууланды.
Президент Эрдоган, эки өлкөнүн соода көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү орток максатта биргелешип иштөөнүн маанисин баса белгиледи.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан алынган маалыматка караганда Эрдоган: «Соода максатыбызга жетүү жана энергетика, транспорт жана коргонуу тармактарында кызматташуубузду тереңдетүү үчүн кадамдарды таштоону улантабыз»,-деп айтты.
Терроризмге каршы күрөштө тыгыз кызматташуу жана катышуу
Президент терроризмге каршы аракеттенүүдө, анын ичинде чалгындоо маалыматтарын алмашуу, окутуу жана технологиялык колдоо көрсөтүүдө кызматташтыкты арттыруунун маанисин белгиледи. Эрдоган мындай тилектештик эки өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылаарын билдирди.
Регионалдык байланышты баса белгилеген Эрдоган, Стамбул-Тегеран-Исламабад темир жол линиясынын дагы да эффективдүү жана функционалдык болушунун маанисине токтолуп, бул линиянын аймактык соода жана интеграцияны арттыруу потенциалына көңүл бурду.
Эрдоган билим берүү тармагында эки тараптуу карым-катнаштарды дагы да байыта ала турган жана адамдар менен узак мөөнөттүү алмашууларды өнүктүрө турган конкреттүү кадамдарды таштоого чакырды.
Палестина жана аймактык туруктуулук боюнча орток позиция
Президент Эрдоган Пакистандын Палестина маселесиндеги принципиалдуу позициясына ыраазычылыгын билдирди.
Эрдоган Түркиянын Газага чукул гуманитардык жардамдын жеткирилишин камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан аракеттери тууралуу премьер-министр Шарифке маалымат берди.
Жогорку деңгээлдеги жолугушууга тышкы иштер министри Хакан Фидан, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) төрагасы Ибрахим Калын, коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч жана Кургактык күчтөрү командирлигинин колбашчысы Селчук Байрактароглу сыяктуу жогорку даражалуу түрк жетекчилери катышты.
Бул сапар Түркия менен Пакистандын ортосундагы өз ара ишенимге, маданий жакындыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген көп жылдык боордоштук мамилелердин жаңы барагын ачат.