Түркиянын Тышкы иштер министрлиги: "Чабуулдардын убактысы Нетаньяху өкмөтүнүн эч кандай маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө ниети жок экенин жана өз кызыкчылыгы үчүн аймактык туруктуулукту жана глобалдык тынчтыкты тобокелге салууга даяр экенин көрсөтүүдө”,-деп билдирди.
Жума күнү жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө булар айтылды :"Израилдин Иранга жасаган абадан соккусун эң күчтүү түрдө айыптайбыз. Эл аралык укукту ачык бузган бул кол салуу, Израилдин аймакта жүргүзүп жаткан стратегиялык туруксуздук саясатына кызмат кылган провокация болуп саналат.
Кол салуулардын Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр күчөп турган маалда болгондугу Нетаньяху өкмөтүнүн эч кандай маселенин дипломатиялык жол менен чечилишин каалабай турганын жана өз кызыкчылыгына ылайык аймактык туруктуулук менен глобалдык тынчтыкты тобокелге салуудан тартынбагандыгын көрсөтүүдө.
Израиль чоң кагылышууларга алып келиши мүмкүн болгон агрессивдүү аракеттерин тез арада токтотуусу зарыл.
Жакынкы Чыгышта дагы көп кан жана кыйроо көрүүнү каалабаганыбызды кайрадан айтып жатабыз.
Согуштун жайылбашы үчүн эл аралык коомчулукту тез арада аракетке өтүүгө чакырабыз”.
"Израилдин агрессиясы бүткүл дүйнө үчүн коркунуч"
Бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы (AK партия) да Израилдин түнкүсүн Иранга жасаган кол салуусун актоочу же мыйзамдуу кылуучу эч кандай негиз жок экенин баса белгиледи.
"Бул варвардык агрессия," - деп билдирди партиянын өкүлү Өмер Челик жума күнү X платформасындагы билдирүүсүндө.
"Израиль бул кол салуу менен аймакты отко салган мыкаачылык жана варвардык кол салууларына дагы бирин кошту," деп мыйзамсыз кол салууну эң катуу айыптады.
Басма сөз катчысы Челик Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөтүнүн геноциддик аракеттеринин кесепеттери тууралуу президент Режеп Таййип Эрдогандын эскертүүлөрүнө бүт дүйнө кулак салышы керектигин айтты.
Өзөктүк илимпоздо өтүрүлдү
Челик: "Израиль Газада жүргүзгөн геноцид кампаниясынан улам эл аралык кысым күчөгөн маалда көңүлдү башка жакка бурдуруу үчүн жаңы чабуул баштады. Израилдин АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр учурунда бул чабуулду жасашы анын дипломатияга душман экенин дагы бир жолу көрсөттү", - деп чабуулдун убактысына да көңүлдөрдү бурду.
«Израилдин агрессиясы бир гана аймакка эмес, бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурат»,- деген Челик эл аралык коомчулукту бул агрессияга каршы конкреттүү жана биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды.
Израил жума күнү эртең менен баштаган масштабдуу аскердик операцияда 200 учак Ирандын өзөктүк программасын жана алыскы аралыкка учуучу ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн бутага алып, жогорку даражалуу аскер кызматкерлери менен өзөктүк илимпоздорду өлтүрдү.