Президент Дональд Трамп өлкөнүн 250 жылдыгына арналган "America250" маарекесинин алкагында Ак үйдүн аянтында толук масштабдуу UFC (Акыркы Мелдештер Чемпиондугу) беттеши өтөрүн жарыялады.
Бейшемби күнү Айова штатындагы жарманкеде сөз сүйлөгөн Трамп бул иш-чараны президенттин жакын союздашы UFC башкы директору Дана Уайттын уюштура турганын жана ага 25 000ге жакын көрүүчүнүн келери күтүлүп жатканын айтты.
Президент: “Улуттук парктарыбыздын, согуш талааларыбыздын жана тархый жерлерибиздин ар биринде “America250” иш - чаралар өткөрүлөт. Ал түгүл UFC күрөшүн да өткөрүүнү ойлоп жатам”,- деди.
Трамп : “ UFC күрөшүн көргөндөр барбы? Дана Уайт керемет. UFC беттеши болот. Ойлоңуз Ак үйдүн аянтында UFC беттешин өткөрөбүз", - деп кошумчалады.
“Абдан олуттуу”
Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитт Трамптын бул планга "олуттуу" караганын айтты, бирок жетекчилер уруксаттар жана Улуттук парк кызматы менен координациялоо сыяктуу логистикалык деталдардын азырынча аягына чыга электигин айтышты.
UFC беттеши 250 жылдык мааракенин негизинде бүткүл өлкө боюнча профессионалдык жана ышкыбоздордун арасындагы бир катар иш-чаралардын алкагында пландалууда. Иш - чара өтө турган жерлер, форматтар жана коопсуздук чаралары азырынча чечиле элек.
Трамп UFCнин тыгыз күйөрманы жана Октагондогу иш-чарага бир нече жолу катышкан. UFCнин башчысы Дана Уайт 2024-жылдагы Республикалык улуттук конгресстин (RNC) акыркы түнүндө Трампты тааныштырган.