ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Зеленский Россияга жарандык инфраструктурага карата чабуулдарды 30 күнгө токтотууну сунуштады
Украинанын президенти : "Россиянын мындай кадамды четке кагышы бир гана адам өмүрүн жок кылган жана согушту узарткан кыймылдарды улантуу ниетинде экендигинин далили болот",- деди.
Зеленский Россияга жарандык инфраструктурага карата чабуулдарды 30 күнгө токтотууну сунуштады
21 Апрель 2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшемби күнү Россияга жарандык инфраструктурага карата кол салууларды 30 күнгө токтотуу сунушун киргизди.

Зеленский Х платформасынан берген билдирүүсүндө : “Украина узун аралыкка учуучу учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен жарандык инфраструктурага карата жасалган бардык кол салуулардын кеминде 30 күндүк мөөнөт менен токтотулушун жана бул мөөнөттү узартуу ыктымалын сунуш кылууда”,- деди.

Украинанын президентинин бул сунушу Россиянын президенти Владимир Путиндин ишемби күнү Пасха майрамына карата 30 сааттык бир тараптуу ок атышпоо режимин жарыялаган учурга туш келди.

Буга жооп катары Зеленский Украинанын Россиянын кадамдарына ушундай эле кадамдар менен жооп бере аларын айтып: «Эгерде чындыгында ок атышпоо толук аткарылса, биз бул тыныгууну узартууну сунуштайбыз»,-деди.

Ок атышпоо Москва убактысы боюнча саат 18:00дө башталып, дүйшөмбү түн ортосуна чейин уланат. Бирок эки тарап тең бири-бирин бул эрежени бузуу менен айыпташууда.

Ок атышпоо тууралуу акыркы келинген жерде Зеленский Путин тарабынан жарыяланган ок атышпоонун Россия тарабынан 2000 жолудан ашуун бузулгандыгын айтты.

Зеленский өзгөчө: “Чынында, бардык негизги фронттук багыттар боюнча Россия өзүнүн ок атышпоо убадасын аткарган жок. Дээрлик бир күн Россиянын Пасха майрамынан баштап 30 күнгө созула турган толук ок атышпоо сунушубузга жооп берүү үчүн жетишсиз болду”, – деди Зеленский.

Зеленский Россиянын мындай кадамды четке кагышы “бир гана адам өмүрүн жок кылган жана согушту узарткан аракеттерди улантуу ниетинде экендигинин далили болот” деген сөздөрдү да кошумчалады.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us