ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Трамп Иран менен сүйлөшүүлөргө ачык
Президент Трамп Израиль менен Ирандын ортосунда жаңы башталган ок атышпоонун "абдан жакшы" бара жатканын айтты, бирок АКШнын чалгындоо маалыматтары Ирандын атомдук программасына келтирилген зыян тууралуу шектенүү жаратууда.
Трамп Иран менен сүйлөшүүлөргө ачык
/ AFP
5 саат мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп Израиль менен 12 күндүк кагылышуудан кийин жүздөгөн адам каза болгон жана жаракат алган окуялардан кийин алдыдагы жумада Иран менен ядролук программа тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн белгиледи.

Трамп шаршемби күнү журналисттерге берген маалыматта АКШнын акыркы абадан чабуулдарынын Ирандын ядролук мүмкүнчүлүгүн “толугу менен жок кылганын” жана програманы “ондогон жыл артка алып баргандыгын” айтып жуманын башында жарыялаган ок атышпоонун “жакшы бара жаткандыгын” да белгиледи.

Бирок, Американын массалык маалымат каражаттарында жарыяланган АКШ чалгындоосунун баа берүүсүнө караганда чабуулдардын Ирандын ядролук аракеттерин бир канча айга гана кечеңдетиши мүмкүн экендиги ортого салынды.

АКШ Израилди колдоо максатында согушка катышып, Ирандагы үч ядролук объектти бутага алган. Эки объектке бункерлерди талкалоочу бомбалар ташталган, ал эми үчүнчүсү АКШнын суу астындагы кемеси башкарган ракета менен бутага алынган.

Трамп: "Көпкө чейин бомба жасай алышпайт," - деп, Иран менен сүйлөшүүлөрдүн "келерки жумада" өткөрүлүшүн күтүп жаткандыгын кошумчалады. Өзгөчө : “Бир келишимге кол коюшубуз мүмкүн. Бирок так эмес”,- деди.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өкмөтүнүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок ядролук энергияны тынчтык максатында өнүктүрүү боюнча "мыйзамдуу укуктарын" коргой турганын айтты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Исмаил Бакаи айрым ядролук объекттердин "катуу жабыркаганын" билдирди.

Бирок, АКШнын Коргоо чалгындоо агенттиги Американын маалымат каражаттарына билдирилген бир отчетунда Американын чабуулдарынын Ирандын центрифугаларын же байытылган уран запастарын жок кылбаганын билдирди. Мунун ордуна айрым объекттердин кире бериштери жабылганы бирок жер астындагы түзүлүштөрдүн кыйрабагандыгы билдирилди.

Трамптын чалгындоо башчылары да шаршемби күнү бул дооматтарга каршы чыгышты. ЦРУнун директору Жон Рэдклиффтин айтымында, "тарыхый жактан ишенимдүү" булактан алынган жаңы чалгындоо маалыматы "Ирандын бир нече маанилүү ядролук объектилеринин жок кылынганын жана аларды кайра курууга көп жылдын талап кылынарын" көрсөткөнүн белгиледи.

Трамп ошондой эле АКШнын Иранга карата максималдуу басымынан, анын ичинде Ирандын мунайын сатууга чектөөлөрдөн баш тартпаганын, бирок өлкөнү кайра курууга жардам берүү үчүн санкцияларды колдонууда жеңилдик болорун билдирди. НАТОнун саммитинде өткөргөн маалымат жыйынында Трамптан Иранга карата мунай санкцияларын жумшартабы деген суроо суралды буга: "Бул өлкөнү кайра куруу үчүн аларга акча керек болот. Биз мунун ишке ашканын көргүбүз келет", - деп жооп берди.

АКШ Ирандын уран ташыганына байланыштуу айтылгандарга жооп кайтарды

Ак үй шаршемби күнү Ирандын АКШнын абадан сокку уруусуна чейин байытылган уранды ташыганы тууралуу маалыматты четке какты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитт Fox News телеканалына берген маегинде: "Бул соккуларга чейин байытылган уран ташылганына байланыштуу эч кандай далил жок болчу, ошондой эле мен бул кабарлардын жалган экенин көрдүм",- деди.

“Азыркы учурда аянтта болуп жаткандар ишемби күнү кечинде болгонбул ийгиликтүү чабуулдардан улам бир нече километрге чейин урандылардын астында көмүлдү", - деп кошумчалады.

Американын айрым маалымат каражаттары чабуулдардан мурун 400 килограммга жакын байытылган урандын башка жакка ташылгандыгына байланыштуу тынчсызданууларды билдиришкен. Бул урандын көлөмү, Ирандын Израиль менен АКШнын ядролук программаларына жасалган чабуулдарынан кийин кызматташууну токтотууну ойлонуп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун ядролук байкоочусу — Эл аралык атом энергиясы агенттиги тарабынан кабарланган.

Агенттиктин башчысы Рафаэль Гросси France 2 телеканалына: «Согуштук аракеттер башталганда эле бул материалды көрбөй калдык», - деди. Бирок ал "жоголгон же катылган деген таасир калтыргым келбейт" деп кошумчалады.

Иран менен Израилдин ортосундагы 12 күндүк кагылышуу эки тараптын эң курч кармашы болду. Израиль ядролук жана аскердик объекттерди, ошондой эле жарандык аймактарды бутага алып, жүздөгөн адамдарды, анын ичинде илимпоздорду жана аскер жетекчилерин өлтүрдү. Министрлик каза болгондордун кеминде 627синин жаран экендигин белгиледи.

Ирандын ракеталык жана дрондук чабуулдары Израилде 28 адамдын өмүрүн алып, ондогон имараттарды талкалап, Тель-Авивге миллиарддаган чыгым алып келди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us