Ирандык жетекчилер Израиль менен 12 күндүк кагылышуу учурунда Израилдин соккуларынан кеминде 935 киши набыт болгонун билдиришти.
Жарым расмий Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, сот бийлигинин басма сөз катчысы Асгар Жахангир дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө, каза болгондордун арасында 132 аял жана 38 бала бар экенин кабарлады.
Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин Израилдин чабуулдарынан 606 адам каза болуп, 5 миң 332 адам жаракат алганын маалымдаган.
Жахангир Израилдин Тегерандын түндүк-батышындагы Эвин түрмөсүнө жасаган кол салууларында абактагылар, түрмө кызматкерлери жана аймакта жашаган карапайым жарандар да арасында болгон 79 кишинин каза тапканын айтты.
Эвин түрмөсүнүн жараксыз абалга келгенин жана камактагы кишилердин эвакуацияланганын белгилеген Жихангир, кол салууну «негизги адам укуктарын жана эл аралык резолюцияларды ачык бузуу» деп мүнөздөдү.
Израиль менен Ирандын ортосундагы жаңжал Тель-Авив 13-июнда Ирандын аскерий, өзөктүк жана жарандык объектилерине абадан сокку урганда башталган.
АКШ да кагылышууну күчөтүп, Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахан ядролук объектилерин бомбалаган.
Тегеран болсо жооп иретинде Израилге каршы ракеталык жана учкучсуз аппараттар менен чабуул жасаган. Кудстагы Ибрани университети тараткан маалыматка караганда, бул кол салууларда кеминде 29 киши каза болуп, 3400дөн ашуун киши жаракат алды.
Кагылышуу 24-июнда АКШнын ортомчулугундагы ок атышпоо келишими күчүнө киргенден кийин токтогон.