САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Захарова: Орусия Карабакты Азербайжандын аймагы катары тааныйт
Азербайжан Мединскийди Карабак жөнүндөгү тарыхый чындыктарды бурмалаганы үчүн сындаган болчу.
Захарова: Орусия Карабакты Азербайжандын аймагы катары тааныйт
Russia recognises the region as Azerbaijani territory, Russian Foreign Ministry Spokeswoman Maria Zakharova told TASS. / AA
11 Июнь 2025

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Москванын бир расмий өкүлүнүн чуулгандуу сөздөрүнөн кийин ТАСС агенттигине, Орусия Карабакты Азербайжандын аймагы катары тааныганын ырастады.

Захарова: “Орусия бул аймакты расмий түрдө Азербайжандын аймагы катары тааныйт,” - деди.

Орусиянын президентинин кеңешчиси Владимир Мединскийдин буга чейин Карабахтагы кырдаалдын тарыхый, социалдык жана маданий аспектилери тууралуу айткан сөздөрү сынга алынган эле.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги, Мединскийдин Карабакты “Армения менен Азербайжандын ортосундагы талаштуу аймак” деп сыпаттаганына байланыштуу Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн акыркы эки айлампасында башкы сүйлөшүүчү болгон Мединскийди тарыхый чындыкты бурмалады деп айыптады.

Захарова Мединскийдин «куралдуу кагылыштын айланасындагы трагедия боюнча гана» комментарий бергенин баса белгилеп, «болбогон тезистерди чыгаруу, сөздөрдүн ордун алмаштыруу» жана сөздөргө такыр башкача маанилерди берүүдөн качуу керектигин айтты.

Баку менен Еревандын мамилеси 1991-жылы армян армиясы Азербайжандын бир бөлүгү катары эл аралык коомчулук тарабынан таанылган Карабакты жана анын тегерегиндеги жети аймакты басып алгандан кийин чыңалган.

Азербайжан 2020-жылдын күзүндө 44 күндүк салгылашууда көптөгөн шаарларды, айылдарды жана калктуу конуштарды армян баскынчылыгынан бошоткон.

Согуш Орусиянын ортомчулугунда түзүлгөн ок атышпоо келишими менен аяктап, мамилелерди нормалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us