Түркия Израилдин Жакынкы Чыгыштагы акыркы аскердик чабуулдарын катуу айыптап, Нетаньяху өкмөтүн аймакты кеңири кагылышууга түртүп жатат деп күнөөлөдү.
Шейшемби күнү Түркиянын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө, Израилдин Сирия, Ливан жана Йемен сыяктуу аймактык өлкөлөргө жасаган чабуулдары аркылуу тынчтыкты жана туруктуулукту бузуп жатканы баса белгиленди.
“Израиль өкмөтү бүтүндөй аймакты кеңири кагылышууга алып барууга багытталган жоопкерсиз аракеттерин токтотушу керек,” – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Израилдин Газа тилкесиндеги оккупациясын кеңейтүү чечими сынга алынып, бул кадам экспансиялык жана деструктивдүү ой-жүгүртүүнүн уландысы экенине басым жасалды.
Анкара эл аралык коомчулукту Израилдин “чектен чыккан агрессиясына” каршы чечкиндүү чара көрүүгө чакырып, бул аракеттердин кесепети аймактын тышына жайыларын эскертти.
“Түркия Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана ырааттуулукту камсыз кылуу аракетин аймактык өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен тилектештикте улантууда,” – деп билдирилди.