ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Макрондун Палестина мамлекетин таануу чечими эл аралык деңгээлде резонанс жаратты
Палестина башкаруусу жана Европа Биримдиги союдаштары Франциянын чечимин "кеч калган кадам" деп ыраазычылык менен кабыл алса, Израиль аракетти "террорго сыйлык" берүү деп мүнөздөп оккупация астындагы Батыш Шерианын аннексиясын жактады.
Макрондун Палестина мамлекетин таануу чечими эл аралык деңгээлде резонанс жаратты
/ AFP
25 Июль 2025

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун сентябрь айындагы БУУнун Башкы ассамблеясында Палестина мамлекетин таануу тууралуу жарыясы бир катар өлкөлөр тарабынан колдоого алынды.

“Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу боюнча тарыхый милдеттенмебизге ылайык, Франциянын Палестина мамлекетин таануу чечимин чыгаргандыгын билдирем”, – деди Макрон.

Палестинанын жогорку мартабалуу кызматкери Хусейн аль-Шейх бул кадамды ыраазычылык менен кабыл алып: “Бул Франциянын эл аралык укукка берилгендигин жана палестиналыктардын өз алдынча мамлекет куруу укугун колдоосун чагылдырат”,- деди.

ХАМАС бул чечимди “туура багыттагы оң кадам” катары мүнөздөп: “Элибиздин өз алдынча мамлекет куруу укугун жана Кудс борбору болгон көз карандысыз мамлекетти түзүү укугун колдоо”,- деп баа берди.

Уюм бул таанууну "Палестина доосунун акыйкаттыгына эл аралык ишенимдин өсүшүн жана Израилдин оккупациясынын чындыкты бурмалоо же эркин элдердин эркине басым жасоо аракеттеринин ийгиликсиздигин чагылдырган саясий өнүгүү" экендигин кошумчалады.

Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги президент Эммануэль Макрондун билдирүүсүнө байланыштуу маалыматында: “Сауд Арабиясы президент Эммануэль Макрондун Франциянын Палестина мамлекетин таануу ниети тууралуу билдирүүсүн ыраазычылык менен кабыл алды”,- деп билдирди.

Иорданиянын Тышкы иштер министрлиги да Франциянын президенти Эммануэль Макрондун сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында Палестина мамлекетин расмий түрдө таануу ниетин жарыялоосун кубаттап, бул кадамды “эки мамлекеттүү чечимди ишке ашырууга жана оккупацияны токтотууга карай туура багыттагы кадам” деп мүнөздөдү.

Франциянын Тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро дипломатиялык кадамды тастыктап:“Кудстагы консулубуз президент Макрондун катын Палестина бийлигине тапшырды: Франция сентябрда Палестина мамлекетин толук тааныйт”,- деп билдирди.

Барро: “Мен бул милдеттенмени дүйшөмбү күнү БУУ трибунасында ырастайм”,- деди.

Палестина тектүү француз депутаты Рима Хассан таануу чечимин “жөн гана жакшылык эмес, милдет” деп бул кадамга байланыштуу шарттарды сынга алды.

Хасан : "Франция колонизаторду куралдандырууну улантып, колония жана оккупация астындагы элге куралсызданууну таңуулап жатат",- деди.

"Палестиналыктар Израиль Палестина жерлерин басып алууну жана колонияга алууну уланткан сайын куралдуу пкаршылык көрсөтүү укугунан эч качан баш тартышпайт",- деп кошумчалады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул билдирүүнү "терроризмге сыйлык берүү" деп сыпаттады жана "бул чечим Газа сыяктуу дагы бир Ирандын проксисин түзүү коркунучун жаратарын" ортого салды.

Нетаньяху: «Мындай шарттарда курула турган Палестина мамлекети Израиль менен бирге тынчтыкта жашоо үчүн тепкич эмес, тескерисинче, аны жок кылуу үчүн бир тепкич болот»,-деди.

"Ачык айталы: палестиндер Израилдин жанында мамлекетти каалабайт, алар Израилдин ордуна бир мамлекетти каалап жатыша",- деп кошумчалады.

Израилдин коргоо министри Израиль Кац: “Франциянын президенти бул маанилүү учурда Израилди колдоонун ордуна бизди алсыратууну тандады... Биздин жашообузга коркунуч келтирген палестиналык түзүлүштү түзүүгө эч качан жол бербейбиз”, – деп билдирди.

Ирландиянын премьер-министри Саймон Харрис: “Президент Макрондун Франциянын Палестинаны таануу тууралуу жарыясын кубаттайм. Бул эки мамлекеттүү чечимди ишке ашырууга маанилүү салым кошот”, – деп билдирди.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес: “Франциянын Испания жана башка Европа өлкөлөрү менен бирге Палестина мамлекетин таануу чечимине кошулганын кубаттайм. Биз Нетаньяху жок кылууга аракет кылып жаткан нерсени коргошубуз керек. Эки мамлекеттүү чечими – бул жалгыз чечим”, – деп билдирди.

Шотландиянын биринчи министри Жон Суинни: “Улуу Британия бүгүн Франциянын үлгүсүн карап чыгып, Палестина мамлекетин таанышы керек. Бул тынчтык үчүн өтө маанилүү. Ок атышууну токтотуу жана гуманитардык жардамды баштоо зарыл”, – деп билдирди.

Макрондун билдирүүсү Газа секторундагы гуманитардык кризис күчөп жаткан шартта жасалды. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын октябрынан бери 59500дөн ашуун палестиналык, негизинен аялдар жана балдар каза болду.

Франция Сауд Арабиясы менен биргеликте 28-29-июлда БУУда Палестина мамлекетине карай жол картасын аныктоо боюнча эл аралык конференция өткөрүү пландарын жарыялады.

Франциянын тышкы иштер министри Барро эскертүү берип: "Газа ачарчылык жана кыйроо менен күрөшүп жаткан бул мезгилде Палестина мамлекетин түзүү перспективалары мурдагыдан да көбүрөөк коркунучта турат", - деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us