Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жума күнү мусулмандардын Курман айт майрамынан улам жума күнү билдирүү жарыялар элди кутутктады.
Эрдоган Х платформасынан жарыялаган билдирүүсүндө майрамдын “өлкөбүз, элибиз жана бардык адамзат үчүн жакшылыктарды алып келишин” каалады.
Президент Түркия Республикасынын жарандары менен бирге Газадагы жана палестинадагы “бардык досторду” да майрамы менен куттуктады.
Курман айт майрамы ислам дининде Ибрахим пайгамбардын Аллахтын буйругу менен уулун курмандыкка чалууга даяр болгонун жана акыркы учурда бир кочкордун жиберилиши менен ишке ашкан диний кийлигишүүнү эскерүү үчүн белгиленет.
Мусулмандар бул окуяны эскерүү үчүн мал союп, этин жакырлар менен жана туугандары менен бөлүшөт.
Курман айттын биринчи күнүндө 2 миллионго жакын зыяратчы ажылык амалдарын улантууда.
Батыш Сауд Арабиясынын Мина аймагында эки миллионго жакын мусулман ажысы жума күнү эртең менен жыл сайын өтүүчү ажылыктын маанилүү ырым-жырымдарынын бири болгон Жемарат мамыларына таш ыргытуу ырымын башташты.
Жамарат-үл Акабеге таш ыргытуу аземин аяктагандан кийин ажылар төрт күндүк Курман айттын башталышын билдирген курмандык чалуу ырым-жырымы сыяктуу башка айттык ибадаттарды аткарууну улантышат.
Ажылар Ташрик күндөрү (ишембиден дүйшөмбүгө чейин) Минада болуп, таш ыргытуу ырымын аткарышат.
Саудиялык жетекчилер бейшемби күнү ажылардын Арафат тоосуна ийгиликтүү алып барылгандыгын жана бул процессте өнүккөн жасалма интеллект систамаларынын колдонулгандыгын жарыялашты.
Алты күндүк ажылык сапары шаршемби күнү башталып, акыркы ырым-жырымдар дүйшөмбүгө чейин уланат.
Сауд Аравиянын жалпы статистика мекемеси 1446-хижрий календарлык жылы үчүн ажылыкка баргандардын саны 1 миллион 673 миң 230 киши болгонун, анын 1 миллион 506 миң 576 кишинин өлкө тышынан келгенин жарыялады.
Жергиликтүү зыяратчылардын, тактап айтканда, Сауд Арабиянын жарандары жана тургундарынын саны 166 654 экени аныкталды.
Өткөн жылы дүйнөнүн 200 өлкөсүнөн 1 миллион 800 миңден ашуун мусулман ажылыкка барган.
Ажылык – ислам дининин беш шартынын бири жана каржылык жактан мүмкүнчүлүгү бар ар бир мусулман өмүрүндө жок дегенде бир жолу аткарышы керек болгон ибадат.
Ажылык Исламдын негизги түшүнүктөрүн түшүндүрүүгө жана Ибрахим пайгамбар жана анын үй-бүлөсү башынан өткөргөн кыйынчылыктарды эскерүүгө багытталган бир катар ырым-жырымдарды камтыйт.