Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Түркия менен дипломатиялык мамиле түзүүгө жана көптөн бери жабык турган кургактык чек арасын ачууга ниеттенгенин айтты. Бул кадамды Армениянын кеңири геосаясий стратегиясынын негизи катары көрсөттү.
Шаршемби күнү Еревандагы маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Пашинян, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен өткөрүлгөн акыркы сүйлөшүүлөрдү “ачык жана чын ыкластуу” деп мүнөздөп, күн тартиби салттуу нормалдаштыруу аракеттеринен мамлекеттер аралык байланыштарга чейин кеңейгенин кошумчалады.
Арменпресс мамлекеттик кабар агенттигинин маалыматына караганда Пашинян: “Байланыш линияларын ачуудан тарта тарыхый Ани көпүрөсүн калыбына келтирүүгө чейинки бардык маселелер талкууланды” деди.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Түркия менен сүйлөшүүлөрдө конкреттүү келишимге жетишилбегенин моюнга алып, бирок алар узак мөөнөттүү көз карашта экенин билдирди. «Мындай татаал жана терең маселелерди бир кадам менен чечүү мүмкүн эмес. Ишенимди арттырып, коомчулукту даярдашыбыз керек»,- деп айтты.
Пашинян: "Биз аны ишке ашырарыбызга ишенем. Дипломатиялык мамиле түзүлөт, чек ара ачылат" деди.
ЖККУга кайтып келүү күмөн
Пашинян Армениянын Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кайра кошулуусу күмөн экенин дагы бир жолу кайталап, уюмдун Арменияга керектүү учурда колдоо көрсөтпөгөнүн себеп катары көрсөттү.
«Биз ЖККУ өз милдеттерин аткарбагандыктан катышуубузду тоңдурдук», - деген Пашинян, жыл башында Еревандын ЖККУнун ишмердүүлүгүнө катышуусун жана төлөмдөрдү токтотуу чечимине шилтеме жасап, «Ушул этапта кайра кайтып келгенге караганда толук чыгып кетүү ыктымалдуураак көрүнүүдө», - деди.
ЕБ максаттары ырасталды
Брюсселдеги өзүнчө билдирүүсүндө Пашинян Армениянын Евробиримдикке мүчө болуу умтулуусун ачык айтты.
"Ооба, Армения Евробиримдикке мүчө болууну каалайт" деген Пашинян, "Натыйжа кандай болбосун, биз реформаларды европалык стандарттарга ылайык улантабыз" деп кошумчалады.
ЕБ-Армения кеңири жана өнүккөн өнөктөштүк келишимине берилгендигин дагы бир жолу тастыктап, аны реформалар жана модернизация үчүн негизги платформа катары мүнөздөдү.