ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Нетаньяху өкмөтүнүн аймактык тынчтыкка "эң чоң тоскоолдук" экенин айтты
Түркиянын президенти Эрдоган Израилдин аймактагы аскердик чабуулдарын айыптады жана Нетаньяху өкмөтүн Жакынкы Чыгыштагы туруксуздукту күчөтүү менен күнөөлөдү.
Эрдоган Нетаньяху өкмөтүнүн аймактык тынчтыкка "эң чоң тоскоолдук" экенин айтты
/ Anadolu Agency
5 саат мурун

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөтүн «аймактык тынчтыкка эң чоң тоскоолдук» деп белгиледи. Эрдоган Израилдин кол салууларынын Жакынкы Чыгышта ыраатсыздыктын күчөшүнө себеп болгонун айтты.

Эрдоган Израилдин саламаттыкты сактоо мекемелерин, мектептерди, мечиттерди, чиркөөлөрдү жана башка жарандык инфраструктураларды атайылап бутага алып, бейкүнөө аялдар менен балдарды атканын баса белгиледи. Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун 51-жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: «Мен муну ачык жана түз айтып жатам: Нетаньяху өкмөтү бардык бул зомбулук жана кол салуулар менен аймактык тынчтыкка эң чоң тоскоолдук болууда",- деди.

Ошондой эле ал Газа секторундагы палестиналыктардын абалы «Германиянын нацисттик күчтөрүнүн концлагерлериндеги шарттардан да жаман» экенин белгиледи. Өзгөчө Германиянын нацисттик режиминин лидери Гитлердин дүйнөнү отко салган амбицияларын эске салып: "Нетаньяхунун сионисттик аракеттери дүйнөнү кырсыкка алып баруудан башка эч кандай максатка кызмат кылбайт", - деди.

‘Мамлекеттик терроризм’

Президент Эрдоган Израилдин Ливан, Сирия, Йемен жана Ирандагы акыркы чабуулдарын айыптап, 13-июнда Тегеранга жасалган чабуулдарды «мамлекеттик терроризм» деп атады.

Эрдоган Израилдин кол салууларына Ирандын жообун коргоп, Тель-Авивдин агрессиясынын Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу дипломатиялык аракеттерине шек келтиргенин айтты. «Атомдук изилдөөлөрүндө эч кандай текшерүүгө алынбаган жана ачыктык жагынан эч кимди ойлобогон Израилдин атомдук куралды жайылтпоо келишимине катышуучулар менен сүйлөшүүсү чоң эки жүздүүлүк”,- деген Эрдоган Израилдин 13 - июнда баштаган кол салууларын сынга алды.

Иранга кол салуунун "Нетаньяху өкмөтүнүн жана анын киши өлтүргүчтөрүнүн маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүгө ниеттенбегенин" көрсөткөнүн белгилеген Эрдоган эл аралык актерлорду Израилдин чагымчыл билдирүүлөрүн токтотууга жана чыңалуунун андан ары күчөшүнө жол бербөөгө чакырды.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us