11 Июнь 2025
Түркия Австриянын Грац шаарындагы бир мектепте болгон куралдуу кол салуудан улам терең кайгырганын билдирип, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Австрия элине көңүл айтты.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү “Бүгүн (10-июнь) Австриянын Грац шаарындагы бир мектепте болгон трагедиялуу окуя бизди терең кайгыга салды”, – деп билдирди.
Анкара бул кол салуудан түрк жарандары жабыркап-жабыркабаганын аныктоо үчүн австриялык жетекчилер менен тыгыз байланышта экенин маалымдады.
“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Австрия элине көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз”, – деп кошумчаланды.