Түркия Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) негиздөөчү документи болгон Хельсинки актысына (же Финалдык Актынын) кол коюлушунун 50 жылдыгын белгиледи.
Министрлик жума күнү жарыялаган билдирүүсүндө : “Суук согуш мезгилинде блоктордун арасындагы келишпестиктерди жана чыңалууну азайтуу максатында баштатылган Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Конференциясы процессинде 1975 - жылы кол коюлган Хельсинки Корутунду Актысы азыркыга чейин күчүндө болгон негизги принциптери менен Европа-Атлантика жана Евразия географиясын камтыган кеңири аймакта диалогго жана кызматташтыкка негизделген коопсуздук архитектурасынын негизин түзгөн", - деп айтылды.
Түркиянын Хельсинки Корутунду Актысына биринчи кол койгон мамлекеттердин бири катары бул процессти эң башынан эле колдогондугу белгиленди.
Түркиянын 1994-жылы ЕККУну түзгөн конференция процессинен бери уюмга берилгендигин улантып келе жатканы баса белгиленген билдирүүдө: "Түркия саясий-аскердик, экономикалык-экологиялык жана гуманитардык аспектилерди камтыган комплекстүү коопсуздук түшүнүгүнө негизделген жана эң кеңири аймактык коопсуздук форумунун өзгөчөлүгүнө ээ болгон ЕККУга активдүү салым кошууну улантууда", - деп айтылды.
Билдирүүдө акыркы болуп : “Өлкөбүз мындан кийин да көп тараптуулукка карата активдүү дипломатия, диалог жана кызматташуу түшүнүгүн чечкиндүүлүк менен улантат, азыркы күндөгү бардык сыноолорго карабастан ЕККУ аймагында туруктуулук жана тынчтыктын өкүм сүрүшүнө салым кошууну улантат”,- деген сөздөргө орун берилди.