Сириянын коопсуздук күчтөрү Түндүк-Батыш Сириядагы Латакия шаарында жайгашкан SADCOP мунай компаниясына мурдагы Асад режиминин тарапкерлеринин чабуулун токтотушту.
Мамлекеттик жаңылыктар агенттиги SANA коопсуздук булагына шилтеме берип, Түндүк-Батыш Сириядагы Идлиб провинциясынан жээкке карай коопсуздук кербени жөнөтүлгөнүн жана Асад режиминин тарапкерлерин кууп чыгып, аймакта коопсуздукту жана туруктуулукту калыбына келтирүү аракеттери көрүлгөнүн билдирди.
Булак SADCOP компаниясына болгон чабуул токтотулганын, бирок кошумча маалымат берилбегенин айтты.
Акыркы күндөрү Латакия жана Тартус жээк провинцияларында коопсуздук чыңалуусу күчөп, Асад тарапкерлеринин координацияланган чабуулдары байкалган. Бул чабуулдар – декабрда режим кулагандан берки эң катуу деп мүнөздөлүп, коопсуздук күзөтчүлөрүнө, текшерүү пункттарына жана оорукана жайларына багытталып, адам өлүмүнө жана жаракаттарга алып келди.
Жооп катары коопсуздук жана аскердик күчтөр чабуулчуларды издеп, кеңири масштабдуу операцияларды башташты. Бул операциялар катуу кагылышууларга алып келди, бирок өкмөт өкүлдөрү абал толук туруктуулукка карай жылып жатканын белгилешти.
‘Күтүлгөн кыйынчылыктар’
Сириянын президенти Ахмед Аль-Шара өлкөнүн жээк аймактарындагы акыркы коопсуздук окуялары “көзөмөлдө” экенин жана аларды “күтүлгөн кыйынчылыктар” деп атады.
Аль-Шара Дамасктагы Аль-Меззе районундагы мечитте таңкы намазга катышкандан кийин социалдык тармактарда бөлүшүлгөн видеодо“Кризис коопсуз өттү,” – деп айтты.
“Өлкөдө болуп жаткан окуялар – күтүлгөн кыйынчылыктар. Биз улуттук биримдикти жана жарандык тынчтыкты сакташыбыз керек,” – деп баса белгиледи.
“Биз бул өлкөдө мүмкүн болушунча бирге жашай алабыз,” – деп кошумчалады ал.
ЕБ Сириянын өтмө мезгилин бузуу аракеттерин айыптады
Европа Биримдиги мурдагы Башар Асад режими тарапкерлеринин Сирия өкмөтүнүн күчтөрүнө жасаган чабуулдарын айыптады.
ЕБнин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча башкы өкүлү Анитта Хиппер билдирүүдө: “Европа Биримдиги Сириянын жээк аймактарындагы убактылуу өкмөттүн күчтөрүнө Асад тарапкерлеринин чабуулдарын жана жарандарга каршы бардык зомбулуктарды катуу айыптайт,” – деп айтты.
Сириянын эгемендүүлүгүн, биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн толук урматтоого чакырган билдирүүдө: “ЕБ туруктуулукту жана бардык сириялыктар үчүн инклюзивдүү, тынчтыкка багытталган өтмө мезгилди бузууга болгон аракеттерди айыптайт,” – деп кошумчаланды.
“Жарандар бардык шарттарда эл аралык гуманитардык укукту толук урматтоо менен корголушу керек,” – деп айтылды.
25 жыл бою Сирияны башкарган Асад 8-декабрда Орусияга качып, 1963-жылдан бери бийликте турган Баас партиясынын режими аяктаган.
Асад режимин кулатуу үчүн күрөшкөн Ахмед Аль-Шара 29-январда өтмө мезгилдин президенти деп жарыяланган.