Дональд Трамп жекшемби күнү Ирандын Америка Кошмо Штатттарынын позицияларына кол салса, АКШ армиясынын «толук күчүн» сезээрин эскертип, Тегерандын өзөктүк жана чалгындоо объектилерине Израилдин кол салууларына Вашингтондун «эч кандай тиешеси жок» деп кайталады.
Израилдин жума күнү эртең менен башталган чабуулдары Ирандын өзөктүк жана аскерий объектилерин бутага алып, ондогон адамдарды, анын ичинде жогорку аскер командирлери менен атомдук илимпоздорду өлтүрдү, дейт Тегеран.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху «Аятолла режиминин бардык бутасын» атууга убада берсе, Иран өлүмгө дуушар кылуучу ракеталык соккусу менен жооп кайтарды.
Трамп Израилдин чабуулу тууралуу алдын ала кабардар болгонун айтканы менен, жекшемби күнү эртең менен Truth Social платформасында АКШнын «Иранга бүгүн түнкү кол салууга эч кандай тиешеси жок» деп кайталады.
«Эгер бизге кандайдыр бир жол менен Иран кол салса, Америка Кошмо Штаттарынын Куралдуу күчтөрүнүн толук күчү жана кудурети сизге мурда болуп көрбөгөндөй сезилет», - деп айткан Трамп: «Биз Иран менен Израилдин ортосунда оңой келишим түзүп, бул кандуу кагылышууну токтото алабыз!!!»-деп кошумчалады.

«Так далилдер»
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жекшемби күнү Тегеранда АКШ күчтөрү Израилдин ушул аптада Тегеранга каршы баштаган катуу бомбалоо кампаниясын колдоп жатканына далилдер бар деп билдирди.
Аракчи мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу чет элдик дипломаттар менен болгон жолугушуусунда: «Бизде америкалык күчтөр жана АКШнын аймактагы базалары сионисттик режимдин аскерий күчтөрүнүн кол салууларына колдоо көрсөтүп жатканы боюнча так далилдерибиз бар», - деди.
Жума күнү эртең менен АКШ президенти Тегеранды келишимге жетишүүгө чакырып, антпесе Израилдин «бир топ катаал» чабуулдарына кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.
Мурдагы президент Барак Обаманын тушунда Иран менен болгон тарыхый өзөктүк келишим Трамп 2018-жылы АКШны бир тараптуу чыгарып, санкцияларды кайра киргизгенден кийин бузулган.
