Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ЕКПА) 2025-жылкы Европа сыйлыгынын Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарына берилгенин жарыялады.
Бул сыйлык жыл сайын европалык идеалды эң көп жайылткан шаарга берилет.
ЕКПА шейшемби күнү Газиантептин Германиянын Дуйсбург, Словениянын Челье, Чехиянын Острава жана Португалиянын Брага сыяктуу 25 бир тууган шаары бар экенин жарыялады.
«Өнөр жай секторунда, өзгөчө текстиль жана өндүрүштө өзгөчөлөнгөн маанилүү экономикалык борбор жана Түркияда климаттын өзгөрүшүнө каршы иш планын ишке ашырган биринчи шаар»,-деп айтылат маалыматта.
Билдирүүдө Газиантепте туруктуулук, шаар куруу, акылдуу шаар колдонмолору, айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук жыргалчылыкка басым жасалганы белгиленди.
Билдирүүдө шаардын мурда Европанын Мыкты башкаруу белгиси менен сыйланганы эске салынып, анын ичинде Eurocities, Energy Cities, UNESCO Creative Cities Network жана Түрк муниципалитеттер биримдиги сыяктуу 28 эл аралык тармактын мүчөсү экени баса белгиленди.
1955-жылы ЕКПА тарабынан негизделген Европа сыйлыгы Европа тармагындагы иши үчүн европалык шаарларга берилген эң жогорку сыйлык.
Сыйлыкка кубок, медаль, диплом жана жеңүүчү шаардын жаштарына европалык институттарга баруу үчүн грант кирет.